Menu

Мирзиёев ИИМди реформалоо зарылдыгын билдирди

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ИИМди оптимизациялоо жана министрликтин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

“Биринчиден, экспорт, экспорт жана дагы бир жолу экспорт! Кеп Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоодогу ар тараптуу колдоолор жөнүндө болуп жатат”, – деди Мирзиёев.

Өзбек лидери ИИМ жана өлкөнүн чет өлкөдөгү дипмиссияларынын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн арттырууну тапшырды.

Өзбекстан президенти 2017-жылы демилгесиздик, шалаакылык жана башка алешемдиктер үчүн Кытай, Жапония, Түркия жана Малайзия баш болгон өлкөлөрдү эсепке алганда он элчи кызматынан бошотулганын билдирди.

Мирзиёев ИИМ түзүмдөрүнө тышкы экономикалык байланыштарды кеңейтүү, экспортту илерилетүү, инвестиция тартуу маселелери менен алектене турган профилдик бөлүмдөрү түзүүнү буюрду.

Мындан тышкары Борбор Азия, Орусия, Кытай, АКШ, Түштүк Корея, Жапония жана Түркиядагы элчиликтерде соода жана инвестиция боюнча дипломатиялык кызматкерлердин санын көйбөйтүү чечими кабыл алынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: