Menu

Ди Каприо ак илбирсти коргоого үндөөдө

Бөлүшүү:

Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо экологдордун ак илбирсти коргоого багытталган аракеттерин колдоого, айрым өлкө лидерлерин бул жандыкты сактап калуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө үндөдү. Актер бул чакырыгын Instagram желесине жайгаштырган, анын баракчасына 18 миллион киши катталган.

Ди Капиро ак илбирсти коргоо боюнча өтө турган эл аралык форумдун алдында 12 өлкөнүн лидерлерине кайрылуу жасады. Форум 23-25-августта Бишкекте өтөт. Актер каалоочуларды кайрылууга кол коюуга чакырды.

Экологдордун маалыматы боюнча учурда дүйнө жүзүндө болгону 3 миңдей ак илбирстин түрү калган. Алар Кытай, Кыргызстан, Монголия, Непал, Тажикстан, Ооганстан, Казакстан жана Өзбекстандын бийик тоолорун байырлашат.

Ак илбирстин таралган аймагынын кыскарышы жана кыш маалында азыктын жетишсиздиги – аларды калк отурукташкан жерлерге чейин түшүп келүүгө мажбурлоодо. Былтыр кышында Памирдеги Бартанг айлынын жашоочусу “аңчылыктан” кийин күчүктөрү менен жергиликтүү тургундун кепесинде адашып калган ак илбирсти бошоткон.

Леонардо Ди Каприо 1998-жылы Leonardo DiCaprio Foundation фондун түзүп, 40 өлкөдөгү жаратылышты коргоого багытталган 70 инновациялык долбоор үчүн 30 миллион доллар бөлгөн. 2016-жылы январда Голливуд жылдызы Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда жаратылышты коргоого кошкон салымы үчүн Crystal Award сыйлыгын алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: