Дубайда архитектуралык жагынан өзгөчөлөнгөн дагы бир объектинин курулушу башталды. Бул туурасында маалыматты КМДБнын басма сөз кызматы расмий сайтына жайгаштырды
Бул жолу шаардык бийлик жашоого ылайыктуу долбоордун алкагында ачылып турган китептин үлгүсүндөгү китепкананы курушмакчы. Долбоорго ылайык курулуш жети кабаттан туруп, ал Жакынкы Чыгыштын эң ири китепканаларынан болмокчу. Китепканага жыл сайын 42 млн адам келип, китепканада өзгөчө орунду китептер, кол жазмалар жана документтерди сактоо жана калыбына келтирүү үчүн борбор болуп калмакчы. Ал эми аталган курулуштун наркы 272 миллион долларга бааланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ