Бүгүн, 26-июнда Алмаз Атамбаев үйүнүн жанына боз үй тигип, аны коргоо боюнча түзүлгөн “Элдик штабдын” мүчөлөрүнө чыгып амандашты. Ал жерге 300дөй Атамбаевдин коргоочулары чогулган. Атамбаев өзү батасын берип, коргоочуларына бука сойду. Ал эми коргоочулары “кимиси келбесин айрыйбыз!” деп убада кылышты.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ