Menu

Кандай десек, жетип азап жегенче арман жакшыбы?..

Бөлүшүү:

Кимдин гана заманбап үлгүдөгү, бардык ыңгайлуулуктагы турак – жайда жашагысы келбесин?! Албетте, каалоочулар көп. Бирок, каражатына карап кыялын орундаткандар бар. Кысталыштын айынан арманы ара жолдо турганы да бар. “Жетип азап жегиче, арман жакшы”, – дегендей, ошондой жакшы үмүт менен  болгон каражатын жаңы үйгө жумшап, бирок жылуулукка жетпеген, же жарыкчылыкка,- деп жалдырагандар бар экен… Алардын арыз-армандары Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында каралган болчу. Бул багытта кеңири маалымат берип, бүгүн, 31-январда ЖК депутаты М.Мавлянова “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

“Ар бир курулуш компаниясы баштаган көп кабаттуу үйлөрүн толугу менен аягына чыгарышы керек. Ал үчүн алардын ошого жете турган капиталы болууга тийиш. 3 жылдан 5 жылга чейинки курулуш тармагында тажрыйбасы бар болгон компаниялар гана курулушту баштаса элге дагы ишенимдүү болмок. Куру дегенде алардын 10 миңден 20 миң чарчы метрге чейинки курулушту жүргүзгөндүгүн тастыктоочу иш кагаздары, иш мисалдары талап кылынса  бул дагы рынок шартындагы ишенимди актамак”, -дейт М.Мавлянова.

Ошондой эле эл өкүлү , – “Борбордук шаар үчүн майда – барат жер төлөөлөр сыяктуу участокторду ремонттоого каражат кетиргендин ордуна, курулуштардын деталдык пландоо долбоорлоруна олуттуу көңүл бурулса жакшы болмок, – деген пикирин дагы ортого салды.

Уктурууга ошондой эле “Бишкек Башкы Архитектура” муниципиалдык ишканасынын шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысы Замира Кангелдиева да чакырылган. Ал адистин айтымында,  имараттарды долбоорлоо ишинде “Бирдиктүү терезе” ыкмасы колдонулат. Бул иштин так аткарылышына жол ачып, ачык – айкындуулукту камсыздайт. Ошондой эле ал деталдуу пландоо долбоорусуз азыр бир дагы курулушка уруксаат берилбестигин билдирди.

Экотехинспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Бейшен Жанбоев да түз эфирде болуп, курулуш материалдарынан тартып, курулган имараттын сапатына чейинки көзөмөлдөнө турган талаптар боюнча түшүндүрмө берди. Адистин айтымында, азыр колдонулуп жаткан пенопласттын 8 түрү пайдаланылып жатат. Бирок, алардын 3 гана түрү колдонууга жарактуу деп табылган. Болгондо да аларды үйдүн ичин жылуулоого эмес, үйдүн сыртын гана жылуулоо үчүн колдонсо болот, -деген эксперттик жыйынтык чыгарылган. “Ошондуктан, имараттарды жылытууга көбүн эсе биздин шартта эле даярдалган базальт сырьёсунан даярдалган материалдарды колдонгон жакшы”, – дейт Б.Жанбоев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: