Menu

Аскар Акаев: Кыргызстанга келүүгө формалдуу тоскоолдуктар жок

Бөлүшүү:

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Орусиянын «Московский комсомолец» басылмасына интервью берип, президент Сооронбай Жээнбековдун ишин мактады.

«Менимче Жээнбеков президенттикке эң татыктуу талапкер болгон жана ал аны өзүнүн даанышмандык башкаруусу менен далилдеп жатат. Ал коңшу өлкөлөр менен мамилени оңдоп, Атамбаев мураска калтырып кеткен ыңгайсыз кырдаалды жоё алды. Жээнбеков коррупция менен күрөштү системалуу түрдө баштады. Мен башында мындай аракетти өзүнүн жеке бийлигин күчтөнтүү үчүн жасап жатат деп ойлогом, бирок азыр ал коррупция менен күрөштү мамлекет үчүн жасап жатканынан шегим жок», — деген Акаев.

Ал өзү берген маекте Алмазбек Атамбаев да ЖЭБдеги чыр боюнча соттоло турганын божомолдоп, аны кескин сынга алган.

Акаев Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга келип, эки бир тууганын акыркы сапарга узата албай калганын эскерип, аны өлкөгө келтирбөөгө аракеттер жүргөнүн айтты. Жээнбековдун учурунда мындай аракеттер болбогонун айтып, жаңы команданын ага карата мамилеси жылуу экенин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: