Menu

Учурда Кыргызстанда оппозициянын күчү канчалык?

Бөлүшүү:

Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер:

– Кыргызстанда оппозиция дайыма бар. Учурда болсо аренага чыгып, активдүү иш алып баруу пайдасыз. Бардык саясий күчтөр парламенттик шайлоого даярдык менен алек. Шайлоо адилетсиз өтсө, анда дароо күчтүү оппозиция жаралат. Өлкөнүн экономикасы оор абалда экенин эске алсак, анда эл оппозиция жакка көбүрөөк ыктайт. Калганы ошол кездеги абалга жараша болот.

Каныбек Иманалиев, ЖКнын депутаты:

– Азыр Кыргызстанда оппозиция олуттуу деле күчкө ээ эмес, балким шайлоого чукул таасирдүү күчкө айланышы мүмкүн.

Жоомар Жолдошев, юрист:

– Акыркы жылдардагы куугунтуктоолордун жана келерки жылдын шайлоосунун айынан Кыргызстандын саясатында оппозиция жоголду. Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине теңме-тен ту-руп айталчу саясий күчтөрүбүз калбай калды.

Жыйынтыгы баарыбызга маалым. Алар абдан төмөн кадрдык саясат, сабатыз адистер, экономиканын төмөндөшү, инвесторлордун кетиши, эл аралык соттордогу утулуулар, чек арадагы кризис, коррупциянын күч алуусу, популисттердин көбөйүүсү, коомдун саясатташуусу жана биз күткөн реформа болбой жатканы.

Кыргызстандын өнүгүүсүнө саясий атаандаштык абадай керек. Бийлик дагы, акылы жетсе, ага кызыктар болуусу керек. Ал азыркы убакта пайда болуучу оппозициялык саясий күч. Азыркы! Себеби шайлоону үмүт этип, өтпөй калып кийин оппозицияга айланган күчтөрдөн үмүт этпеш керек. Бул баардык саясий партияларга жана жаш, саясатка аралашам деп аттанып жаткандарга тиешелүү.

Момун болуп, бийликтен үмүт этип, шайлоодон Жогорку Кеңешке өтүп алсам экен дегендердин жеке кызыкчылыгы өйдө турат. Андайларды азыркы саясий күчтөрдөн көрүп жатабыз жана, тилекке каршы, жаштардын арасында дагы абдан көп экен. Бул абдан кооптуу көрүнүш, кошоматчылык жана калыптанган системадан эч айырмасы жок. Себеби, азыркы учурда айтылчу сөздөр жана бийликтин кылган иштерине берилчу баалар жетиштүү. Чыныгы элим деп күйгөндөргө бул өйдө турат.

Саясаттагы күчтөрдүн, саясатчылардан жана саясатка аралашам дегендерден бири чыгып, лидерлик сапатын көрсөтүп, коркпой, өзүн оппозиция деп жарыялап бийликке баасын бере алса, анда алардын эл тарабынан бир топ колдоо табарына ишенем. Биз дагы, коомчулук, ал күчтү колдошубуз керек! Себеби, саясий атаандаштык өнүгүүнүн инструменти.

Мирлан Дүйшөбаев, эркин журналист:

– Айрымдар оппозиция жок дегендей пикирлерди айтып калышууда. Мен буга кошулбайм. Кыргызстанда башка постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып, оппозиция ар дайым болуп келген, боло берет. Бүгүнкү күндө да оппозиция бар, бирок чачыранды формадагы оппозиция болуп жаткандай. Бул өңүттөн алганда, оппозиция эмес, оппозицинерлер бар дегенибиз чындыкка жакын болчудай. Себеби, бүгүнкү бийликтин ишмердигин сынга алып, кемчиликтерин, терс иштерин бутага алып турган саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү болго-ну менен алардын башын бириктирген лидер, идея жоктой сезилет. Ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып, өз кызыкчылыктарын ойлогондой таасир калтырат. Оппозиция качан бир идея, максаттын тегерегине бириккенде гана зор күч боло аларын буга чейинки турмушубуз көрсөтпөдүбү. Ошондуктан бүгүнкү оппозиция азыркыдай чачыранды акыбалы менен бийликке каршы чоң күч болоруна ишенүү кыйын. Кокус, эртең бийлик айрым оппозиционерлерге кандайдыр кызматтарды берип, кечээ эле бийликти сындап жүргөндөр эртең мактап калышса, ага таң калбай эле коюшубуз керек. Анткени, бизде кызмат үчүн оппозиция болумуш эткендер, оппозиция терисин жамынып алган саясатчылар аз эмес.

Камила Талиева, экс-министр:

– Президенттин өлкөдө күчтүү оппозиция бар деген сөзүнө кошулбайт элем. Оппозициянын күчү алсыз, бирин-эки эле саясий көз карашын ачык айткан саясий күч болбосо, артынан эл да ээрчиген күчтөр да жокко эсе. Оппозициялык күчмүн дегени деле соодалашууга барып, дароо эле жалп этип өчүп калган күчтөр. Бүгүнкү күнү аренага жаңы, саясий принциптери бекем, туруктуу, өтө такшалган күч керек болуп турат, бул күч болгону өтө зарыл, ал албетте өнүгүүгө, мамлекеттин келечеги үчүн шарт түзөт.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: