Төө-Ашууну кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Кечээ ашуунун түндүк тарабына 8 кызматкер, 2 кум менен жүк ташуучу унаа, 2 грейдер жиберилген. Башка бөлүктөрүндө да кызматкерлерибиз тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Алар түнү менен иштешип, азыр ашууда эч кандай тоскоолдук жок”, – деп билдирет мекеме.
Эскерте кетсек, 1-ноябрда Төө-Ашуунун түндүк тарабында 5-15 см, ал эми түштүк тарабында 5-35 см калыңдыкта кар жаап, айдоочулар тыгындан улам арызданышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ