КРнын Сейсмология Институтунун берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 23-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:36 чамасында Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун чектешкен тоо кыркаларында очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ак-Булак, Кара-Булак айылдарында – 4 балл, Куланак айылында – 3,5-4 балл, Баетов, Кара-Булун, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ат-Башы айылына 3 балл, Нарын шаарына 2,5 балл сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
2017-жылдын 24-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:13 чамасында Тажикистан Республикасынын аймагында очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.Чоң-Алай районунун Алга айылына 3 балл, Кара-Тейит, Карамык айылына 2,5 балл сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ