Автобус алып келем деп балээге калып, абакта олтуруп чыккан Нариман Түлеев өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу азыр камакта жаткандар тууралуу жигитче билдирүүсүн жазды. Ал алгач өзүн колдогондорго рахматын айтып, “Мен Текебаевди колдоп жатканымды, колумдан келишинче анын туугандарына жардам берип жатканымды ачык эле айтам. Мен мындан коркпойм. Өзүм дагы бул жолдон өттүм, мындай абалды эч кимге каалабайм. Эгерде Бабанов кыйынчылыкка туш болсо, адамдык сапатым менен ага жана жакындарына жардам берем. Мен андан коркпойм” деп билдирген. Азыр темир тордун артында олтуруп, Күндүн нуруна какталганды эңсеген Текебаев баштаган бир топ адамга жардам бергенин ачык айтуудан айбыгып тургандарга караганда Түлеев ачык айтып жигиттик кылды. Бабановдун башына ошондой күн түшсө ага да жардам берем, бул бийликтен коркпойм деп бир да саясатчынын оозунан чыга элек болчу да. Ал Атамбаев сунуштаган Транспорт министрлиги менен вице-премьер-министрликтен да баш тартканын жазыптыр.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ