Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө Махабат Мавлянова жакында өз баласын тепкилеген Бариер Адиев аттуу адам камакка алынып ага 234-берене боюнча «бейбаштык» кылмыш иши козголгонун эске салды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
«Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштейт экен. Кенедей баланы тепкилегенине караганда, Адиев мындай зомбулукту биринчи жолу жасап жатпаса керек. Менимче, ага өтө жумшак берене коюлуп калды, аны кыйла катуулатуу зарыл», – дейт депутат.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 10 айында балдарга карата зомбулук фактылары боюнча 862 кылмыш иши козголгон. Тилекке каршы, бул ачыкка чыккандары гана, а жымсалданып калгандары канча?
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ