Menu

Айыбы ашкереленсе артын жашыргысы келген өкмөт

Бөлүшүү:

Соңку эки айдан бери кыргыз парламентиндеги бир топ депутаттар премьер-министр Темир Сариевдин отставкасы боюнча көп сөз кылышты. Ал тургай өкмөт башына Канат Исаев, Аалы Карашев, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабановдордун келиши боюнча да божомолдор айтылды. Мындан башка Темир Сариевди айыптаган тендерлерге байланыштуу каржылык мыйзам бузуу маселелери көтөрүлдү. Иши кылып премьер-министрди кызматынан кетирүү боюнча бир топ депутаттар катуу чабуул жасап, иштин өтөсүнө чыгуу үчүн абдан катуу аракеттенип жаткан кези.

Бул кырдаалда Темир Сариев да жөн жатпай ушул мезгилге чейин Өзбекстан пайдаланып келген Ысык-Көлдөгү «Рохат», «Дилором», «Золотые пески» жана “Бустон” пансионаттарын толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөргөн токтомго кол коюп, «буга биздин эркибиз жетти» деп кыргыздын кызыкчылыгына төп келген ишти жасаганын жар салды. Муну менен Сариев саясий чечкиндүүлүк көрсөтө алары колунан келе турганын каңкуулады. Бул эле эмес кыргыз өкмөтү эртеби-кечпи Казакстан пайдаланып келе жаткан пансионаттар боюнча да маселе көтөрүлө турганын билдиришти. Бул аракеттердин өзү эле «ушундай иштерди жасап жаткан өкмөттү эмне үчүн отставкага кетириш керек» деген ортозаар пикирди коомчулукка жайылтып койду. Ал эми буга чейин түштүктө Өзбекстан пайдаланып келген бир топ мүлктөр Кыргызстанга кайтарылып алынганын өкмөт буга чейин маалымдаган. Алар:«Орто-Токой» суу сактагычы, Аксыдагы Чоң Наманган каналы (12,9 км), 14 чакырым Чуст каналы, Ноокендеги “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, 43 чакырым Сол жээк Нарын каналы, 12 чакырым Сох-Шаймерден каналы, 12 чакырым Лаган каналы жана №1 Фергана автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” (ӨКМ имараты) “Фергананефть” автобазасы, Кадамжайдагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери. Ош облусу боюнча: Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал жана Кара-Суудагы 28 чакырым Савай каналдары болуп саналат.

Ошентип Темир Сариев парламенттеги өзүнө карата жасалып жаткан кара иштерге жооп иретинде чек арага, менчикке байланыштуу чуулгандуу токтомдорду кыска убакыттын ичинде узун-туурасынан кол коюп салды. Пансионаттарды Кыргызстандын менчигине кайтаруу боюнча чыккан токтом элдин кулагына канчалык жагымдуу угулбасын, бул иште да биздин шорубуз каткан жагдайлар бар. 2010-жылы да ондогон ири ишканалар, банктар, заводдор, мүлктөр улутташтырылып мамлекеттин карамагына өткөн. Бирок арадан беш жыл өтпөй алардын кайда, кимдин колуна кеткенин таппай калдык. Бүгүн «Акылинвестбанк» кимде, Ширшовдун учагы жана башка ондогон мүлктөр кайда экенин карапайым эл жакшы билбейт. Болбосо башында баары элге деген шылтоо менен улутташтырылган болчу. Азырынча көзгө көрүнгөнү бир эле «Мегаком» уюлдук компаниясы болсо, өкмөт аны да сатам дегенде эки көзү төрт болуп турат. Эми Ысык-Көлдүн эң бир кооз, эң бир ыңгайлуу жеринде жайгашкан өзбек пансионаттары келечекте кимдин колуна өтөөрү азырынча белгисиз.
Расмий Өзбекстан өздөрү пайдаланып келген  Ысык-Көлдөгү пансионаттар боюнча эч кандай жооп кайтара элек. Кандайча жооп айтары да табышмак. Ушуну менен такыр унчукпай калат деп ойлоодон да алыс болуу керек.  Бизге эмне камдап жатканы жакында белгилүү болоор. Бул арада бир топ саясатчылар менен серепчилер өкмөттүн бул аракетин популисттик ойлонулбаган чечим катары баалашып, бул нерсе туризмге доо кетире турганын айтышты. Ал эми Бакиев бийлигинин тушунда эки өлкөнүн парламенттеринен ратификациядан өткөн Казакстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионатын Кыргызстан кандайча маселе көтөрүп, өз менчигине кайтарып ала турганы боюнча өкмөт түшүндүрмө берген жок. Бирок өкмөттүн бул маалыматы казак чөйрөсүнүн кабыргасын тымызын кайыштыра турганы анык.
Темир Сариевдин отставкасын шарттаган өтө орчундуу жүйөлөрдүн бири Унгар-Тоого байланышкан акыркы кездеги талаш окуялар болчу. Аны Өзбек республикасына тиешелүү деп токулган токтом кыргыз өкмөтү тарабынан чыкканына карабастан чын-төгүнүн текшерүүнү Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурага жиберди. Себеби Сариевге бул токонаалаттан кутулуу кыйын болчу. Бул кырдаалдан буйтап кетүү үчүн көп аракет жасалып, мунун башаты да акыры аты жаман Бакиев бийлигине келип такалды. Маселенин чоо-жайы мындайча баяндалат:
2006-жылдын 23-сентябрында Ташкент шаарындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитация маселеси боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын биргелешкен кезексиз отурумунда протоколго кол коюлган экен. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын биргелешкен кезексиз отурумунун протоколунда Үңкүр-Тоо өзбекче «Унгартепа» деп аталып, ал жер «Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашкан» деп белгилениптир. Тоонун жалпы аянты 45 гектар. Эми өткөндөгү бул документтерди казып чыгуу менен кыргыз өкмөтү Сариевдин токтому ырасталган күндө деле «Бакиев эчак эле берип койгон экен» деп кутулуунун амалын жасай турганы ырас болуп калды. Бирок бул жерде бир аз моюндан алып салгыс өжөр далилдер бар. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев эгер Сариев Унгар-Тоону Өзбекстанга бере турган болсо «башы кетет» сыпатында айтканы бар. Өкмөттүн маалымат катчысы андай токтом жок дегенине карабай так Темир Сариев кол койгон токтом интернет сайттарга жарыяланып кетти.
Темир Сариев Өзбекстандын төрт пансионатын Кыргызстандын карамагына өткөрүү токтомун ал креслосун сактап калуу үчүн ошол кадамга барды деп да чектүү түшүнбөш керек. Өтө кылдат, өтө акырын, ары токтоо Темике бул аракет менен көп максатты көздөдү. Эгер ал өкмөт башчысынан кеткен күндө деле алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Андыктан «Ошондо мен саясый эркимди көрсөтө алдым» деп шайлоочулар алдында айтууга жеңил болот.

Кадыр БОСТОН

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: