Menu

Мелис Аспеков: “Жаңы түзүлгөн “Талас саясый ынтымагы” эки адамдын кызыкчылыгы экен, интригалардан улам ыдырап баштады”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-декабрда жаш активист Мелис Аспеков жакында эле, 8-ноябрда Таластык жаштар “ынтымактуу бололуу, бирге күрөшөлү” деп түзгөн “Талас саясый ынтымагы” уюму ички интригалардан улам ыдырап, “туулбай жатып туна чөгүп”, ал уюмдан Төрөхан Жунусбеков сыяктуу жаштар чыгып кетип жатканын жазып чыкты.

Төмөндө Мелис Аспековдун постун толугу менен өзгөртүүсүз беребиз:

“Талас саясый ынтымагы аман эле болсун, ичинен ыдырап интрига болуп атыр. Бир ашып кетсе эки адамдын кызыкчылыгы экен, албетте ЖКга 2020-жылы шайлоодо соодалашуу үчүн түзүлгөн топ деп жыйынтык чыгардым. Кыскасы Даир Кенекеевге жана башка күчтүү азаматтарга каршы экен, күчтүүлөр келбегенде кимдер керек анан. Мына бүгүн Торохан Жунусбеков дагы урдум мындай куулукту деп чыгып кетти. Ынтымак эмес эле, баягы мамайдын көрү. Админдер болсо, алдап жүрүшөт, калп жинди болуп. Мындай көсөлүк гереги жок… рахмат.”

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: