Menu

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: “Калмак баскынчылары кыргыз элине кандай бүлүк салса, Атамбаев андан чоң зыян келтирди”

Бөлүшүү:

– Дастан Исламович, азыр коомдун көңүлү Атамбаевдин кол тийбестигин алуунун айланасында болуп турат. Атамбаевге карата куугунтук башталды дегендер дагы бар. Сиз үчүн бул көрүнүш чын эле куугунтукпу?

– Атамбаев таза, адал иштеп, өлкөнү гүлдөтүп, бийлигин эл үчүн жумшаса кол тийбестигин алууну куугунтук деп айтса, калыс болот эле. Кыргыз тарыхында Атамбаевдин башкаруусу эң кылмыштуу, эң мафиялык, эң ыплас, эң булганыч, мамлекетти кыйратуу үчүң эң көп кыянаттык кылган жылдар катары кара тамгалар менен жазылып калат.

– Эл билген ТЭЦ модернизация, тарых музей, Чолпон-Ата ипподрому, Батукаевди бошотуудан башка дагы кайсыл былыктарын айтса болот?

– “Кыргызгаздын” акчасын шайлоосуна жумшап, аңы бир долларга сатып, 2012-2014-жылдары Токтогул суу сактагычтагы сууну сатып (суу жана электр энергия түрүндө), кыргыз элин энергиясыз калтырганы, электр тарифин негизсиз үч эсе көбөйткөнү, “Кумтөрдөн” 2-3 млрд доллар кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырбаганы (албетте, бекер эмес), 4 млрд доллар алтыны бар Жерүй кенин келишим түзбөй 100 млн долларга кармата бергени, сот тармагын талкалаганы, алты жылда жети жолу Өкмөттү алмаштырып, аны шал кылганы, элди басынтып, кемсинтип, мазактаганы, саясий репрессияны аёсуз жүргүзүп, күнөөсү жок адамдарды каматып, туугандарын жумуштан кетирип, банкрот кылганы, бажыдан түшкөн акчалардын төрттөн бир эле бөлүгүн бюджетке, үч бөлүгүн (350-400 млрд сом) табакташтары менен бөлүп алганы, элди алдап, жалган сүйлөгөнү, далай мамлекеттердин жетекчилери менен мамилени бузганы жана башкалар. Бир сөз менен айтканда, калмак баскынчылары кыргызга кандай бүлүк салса, Атамбаев кыргыз элине андан да чоң зыян келтирди.

– Атамбаев ‘‘Мен баарын эл үчүн кылгам, бир дагы президент Кыргызстан үчүн мынча эмгек кылган эмес” деп карганып жатпайбы?

– Кыргызда “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген сөз бар. Шоопуруна Манас орденин берип, аны Султан Ибраимовго теңеген Атамбаев өзүн Маркс, Ленин, Дэн Сяопиндин катарына кошот окшойт. Шоопурун эмес, өзүн да Султан Ибраимовдун чыпалагына теңеген болбойт…

– Сиз антип айтканыңыз менен Атамбаевдин ошентип айтканга негизи бардыр?

– Балп этип сүйлөп, анан бир күндөн кийин эмне деп айтканын ойлонгон учурларын эл далай жолу көрбөдүбү! Орустар мындайда ич өткөгү тилине чаап кетиптир деп коёт эмеспи…

– Кырк жылкыдан сепетип койгонун ютубдан миңдеген кишилер көрдү. Өзү деле кызылынан алып коем деп айтты. Ошондон кийин ойлонбой сүйлөп койсо керек да?

– Аны өзүнүн абийирине коёлук. Бирок, элдин энчине колун салып, эл байлыгын нечен жүз млрд сомго кемиткен киши күнүнө он жолу намаз окуса да, Алла кабыл албайт да…

– Комиссия шашып бийликтин тапшырмасын аткарып жатат деп айтып жатпайбы?

– Комиссия бир жарым жыл кеч түзүлдү. Бул маселеге эбак эле чекит коюп, күчтүн баарын экономикага, жумуш ордун түзүүгө жумшаш керек эле депутаттар… Эки жыл ТЭЦ, музей жана башкаларды териштирип, эми дагы эки жыл арам иштерин эрмек кылганга мамлекетибиздин убактысы жок, элибиз да күтө албайт.

– Комиссиянын иши, кол тийбестигин алуу жана башка саясий абалды курчутуп жибербейби?

– Маалымат каражаттары элге, мамлекетке Атамбаев кылган кыянат иштерин ачык жана толук чагылдырып, жеткизип турса, эл калыс, чындыкты ыйык тутат, туура кабыл алат. Андай болбосо, жалган сүйлөп, көнүп калган Атамбаев жана анын жан жөөкөрлөрү көп адамдын башын айлантып коюшу мүмкүн.

– Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасын, премьер-министрди СДПК мүчөлөрүнөн гана коюп, бийликти узурпациялаганы айдан ачык болсо да, айрым саясатчылар узурпациянын белгилери гана болгон деп жатпайбы?

– Узурпация – президент тарабынан бийликтин бөлөк бутактарынын укуктарын өзүнө ыйгарып алуу. Бийликтин баарын мыйзамсыз жол менен өзүнө багынтып, алардын укуктарын тартып алуу. Максат бир эле – мыйзамсыз жол менен байлык топтоо, болгондо да чексиз байлык чогултуу. Ошол үчүн 2011-2017-жылдары коррупция бажы, сот, салык, милиция жана башка тармактарды чырмооктой басып алып, муунтуп жатпайбы.

– Бирок, Атамбаевди эл шайлады да…

– Убактылуу Өкмөт Атамбаев ким жана кандай экенин билип туруп, өз кызыкчылыктарын көздөп, Атамбаевди далай мыйзам бузуулар менен “шайланды” кылбадыбы. Анын кесепетин эми эл тартып жатат. Дагы далай жыл тартат. Жагымсыз шарт менен алынган кытайдын эки млрд долларын эл кайрып берет да…

– Мамлекет тилинде жазылган Баш мыйзамдын 5-беренесинде “узурпация” деп жазылып турат. «Манасты» жараткан кыргыз тилинде “узурпация” деген сөз которулбайбы?

– Которулбайт. Кыргызда бийлик дайыма элдин өзүндө болгон. Узурпация эгерим кыргыз тарыхында болгон эмес.

– Текебаев кол тийбестикти алуу иш-чаралары шашылыш болбош керек деди. Сыры эмнеде?

– Сырын өзүнөн сураш керек. Бирок, мен мультимиллионермин деп Атамбаев бир нече жолу айткан. Демек, акчасы көп. Дасыккан юристтерди жалдап, иштин каталарын таап алса, маселе ырбап, жокко чыгарылышы мүмкүн. Балким, Текебаев ушуну айткандыр.

– Мейли, шашпай маселе 3-4 айга созулуп кетсе, саясий абал да чыңала берет эмеспи…

– Кыргыз эли Атамбаевдин кылык-былыктарына алты жыл араң чыдады. Эми дагы 3-4 жыл чыдайбы? Бул чоң маселе. Алдыда кыш турат. Ага даярдык көрүш керек. Бул жагымсыз ишке тез эле чекит коюлганы дурус…

– Жогорку Кеңештин депутаты К. Орозова “Саясий куугунтук болгон эмес. Бийликти узурпация кылган жок…” деп айтпадыбы?

– К. Орозова өзүн акылдуу, элди келесоо деп ойлойт окшойт. Атамбаевди өзү менен кошо уурдагандар же арам акчаларын алгандар гана коргоп, жактаганын турмуш көрсөтүп жатпайбы.

– Атамбаев бийликти узурпациялаганга Жогорку кеңештин күнөөсү бар, депутаттар да жооп бериши керек дегендер аз эмес…

– Бул туура айтылган сөз. Бирок, маселе кыйла терең. Ал өзүнчө узун сөз. Эл бийликтен четтетилгенде саясатчылар бийлик талашып, эл үчүн иштегенге убактысы калбай калат. Бийлик дайыма элде, Элдик Курултайда болуш керек.

– Башпрокурор Атамбаев бийликти узурпациялаганга тийешеси жок деп билдирбедиби?

– Башпрокурор өзү-өзүнө каршы сүйлөп жатат. Бийликти Атамбаев узурпациялаган үчүн коррупциялык төрт иш болгонун эл билип олтурбайбы. Узурпация болбосо бул коррупция да болбойт эле да.

Маектешкен: Т. Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: