Бүгүн, 6-майда депутат Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев расмий билдирүү таратты:
“Урматтуу мекендештер, көрөрмандар, менин атым Жумашев Бактыбек, кесибим адвокат, мен Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин өкүлү жана адвокаты болом. Кечээ өзүңүздөр көргөндөй, Кубанычбек Мырзабекович менен Мелис Аспеков “Санат ТВ”дан жолугушуп маек кургандан кийин Мелис Аспеков өзү сунуштаган: Кубанычбек Мырзабекович менен Мелис Аспеков студияда жолугушуп, ортосунда жаралып калган суроо-маселелерди чечип алса деп. Бул сунушка Кубанычбек Мырзабекович макул болуп, бүгүн, 6-май 2020-жылы саат 10:00дө 7-каналдын студиясынан Сыймык Жапыкеев менен жолугушмак. Бирок, буга өзүңөр күбөсүңөр, кечээ Сыймык Жапыкеев өзүнүн фейсбуктагы баракчасынан жолугушуудан баш тартты. Анын ордуна Максат Мамытканов келет деп. Урматтуу көрөрмандар, Сыймык Жапыкеевдин бул чечими туура эмес деп эсептейм. Анткени Сыймык Жапыкеев өзү көп туура эмес, чындыкка дал келбеген нерселерди Кубанычбек Мырзабековичтин дарегине айткандан кийин өзү келип далилдеп же төгүндөп берсе болмок. Ушул Сыймык Жапыкеевдин демаршынан кийин Кубанычбек Мырзабекович бүгүнкү 7-каналда пландаштырылган жолугушууга келбөөнү чечти. Мындан кийин Кубанычбек Жумалиевдин бүт башка кадамдары мыйзам чегинде жана укук талаасында болот”, – дейт адвокат Жумашев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ