Menu

Душанбе-Ташкент аба каттамы боюнча билет баасы 20 долларга арзандады

Бөлүшүү:

«Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясынын Тажикстандагы өкүлчүлүгү Душанбе-Ташкент каттамынын билет баалары 200 сомониге (20 доллардан ашык) арзандаганын билдирди. Эми Өзбекстан борборуна 1034 сомони (100 доллардан ашык) менен учуп барууга болот.

«Жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү үчүн Ташкентке чейинки билет баасын 1034 сомониге чейин арзандаттык», – деп билдиришти өзбек авиакомпаниясынын өкүлчүлүгүнөн.

Быйыл жазында аталган багыт боюнча каттам ачылганда жарандардын көбү билет баасынын кымбат экенине даттанышкан.

Анда Өзбекстандын Тажикстандагы элчиси Шохкасым Шоисламов каттам менен биринчи кезекте эки өлкөнүн жөнөкөй тургундары пайдаланышы керектигин айткан.

Маалыматка караганда, компания ар шейшемби сайын 150 орундуу учак менен Душанбеден Ташкентке 50-60 жүргүнчү жеткирет. Алардын бир тобу Ташкентке барып, андан ары башка өлкөлөргө учуп кетишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: