Коопсуздук маселелерин иликтөөчү Жорж К. Маршалл атындагы европалык борбор АКШ жана Германиянын Өзбекстандагы элчиликтеринин колдоосу менен киберкоопсуздук боюнча окуу уюштурду. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирет.
Ташкентте бул багытта алдыңкы тажрыйбаларды жана стратегияларды талдоо максатында кибермейкиндиктеги коопсуздук маселелери боюнча семинар өттү. Адистер мындан тышкары кибермейкиндикте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагдайларын талкуулашты.
Иш-чарага Азербайжан, Германия, Португалия, Польша, Украина жана АКШдан келген эл аралык эксперттер катышты. Алар эл аралык коопсуздук жана киберкылмыштар менен күрөшүү нормаларын алдыга жылдыруу үчүн башка өлкөлөргө жардам беришүүдө.
Эксперттик эриш-аркак кызматташуу коомдук саясий байланышты бекемдөөгө жана интернет инфраструктурасын киберкоркунучтан коргоого багытталган. Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ