Menu

Байтемир Ибраев, экс-генпрокурор: “Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө келип турганы чындык”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин сырттан кесилген Кадыржан Батыровдун өлкөдөн качып кетишине көмөктөшкөн адамдар боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Тергөө азырынча анын кантип өлкөдөн чыгып кеткенин аныктай элек. Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, Батыровдун чет өлкөгө чыгып кетиши, чек арадан өтүшү боюнча жаңы жагдайлар бар. Бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу алар ачык айтылбайт

Кыргызстан Батыров боюнча жаңы ачылган жагдайларды иликтөөгө киришкен учурда июнь окуяларынын башкы күнөөкөрү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Варшавадагы жыйынында Кыргызстанда улуттук азчылыктар басмырланып жатат деп айтууга жетишти. Натыйжада, 2010-жылдагы кандуу коогалаң маалында башкы прокурор кызматын ээлеп турган Байтемир Ибраевге Батыровго байланыштуу бир нече собол менен кайрылдык.

Батыров эл аралык аренага кантип чыкты?

Батыровдун ЕККУ жыйынында сүйлөгөн сөзүнө терс баа берем. Бирок ага өзүбүз жеткирип атабыз. Себеби ал мамлекетте болуп жаткан талаш-тартыш саясатты угуп алып, ошого жараша кадам таштады деген ойдомун. Менин жеке пикиримде, ички саясий күрөш буга түрткү болду. Быйыл июнь коогалаңына 6 жыл толду. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар, июнь коогасын иликтеген улуттук комиссия да Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Батыровду качырып жиберүүгө катышы бар деген маалыматты иликтөөнү, укуктук баа берүүнү тартип коргоо органдарына тапшырган. Бирок алты жылдан бери эч кандай жыйынтык чыккан жок.

Башкы күнөөкөрдүн качышына ким жардам бергени ачыкка чыгабы?

Иликтөөдөн 6 жылдан бери эмнеге натыйжа чыкпаганы мага белгисиз. Улуттук коопсуздук комитети жаңы жагдайларды таптык деп атат. Ошолордон эмне үчүн 6 жыл мурун муну тапкан эмессиңер деп сураш керек. Ал эми анын азыр кайра козголушуна Кыргызстанда саясий күрөш жүрүп жатканы себеп деген көз караштамын. Анткени күрөш учурунда тема керек болуп, айрым саясатчылар Батыровдун качып кеткенин көтөрүп чыгышты. Ал эми алты жылдан бери иликтеп, эч нерсе таппаган укук коргоо органдары эми күнөөлүүлөрдү таап чыгарына күмөнүм бар.

2010-жылы июнь окуясына чейин Батыровго кылмыш иши козголгон деген маалымат ыраспы?

Апрель окуясынан кийинки Кыргызстандагы саясий кырдаал баарыбыздын эсибизде. Убактылуу өкмөттүн таламын талашкан күчтөр, ошолордун айткандарын угуп Бакиевдерге каршы турган эл керек болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттары Кадыржан Батыров бирде Алмазбек Атамбаевге, бирде Өмүрбек Текебаевге жана башка Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кирип эле жүрчү деп жазып атат. Мунун баары чындык. Себеби, Батыров ошол кезде Утурумдук өкмөткө керек эле. Анткени, Жалал-Абад, Ош аймактарында өзбек тектүү жарандарды Бакиевдерге каршы митингге чыгаруу үчүн Батыров жана башка диаспоранын өкүлдөрүнө муктаждык жаралган. Ошол себептүү Батыровду байма-бай чакырып, кабыл алып турганын тана албайбыз. Эгерде июнь коогалаңына чейинки убактарда иш козголсо, Батыровду Убактылуу өкмөткө киргизбей туруп эле камакка алууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Арадан алты жыл өтүп кетти, балким мен жаңылып калышым ыктымал. Бирок ошол убакта Батыровго кылмыш иши козголгон эмес. Ага июнь коогасы болгондон кийин иш ачылган. Ал эми кандуу окуялардан кийин Батыров дароо Кыргызстандан чыгып кеткен. Укуктук жактан ала турган болсок, эгерде ошол кезде ага кылмыш иши козголбосо, издөө жарыяланбаса, ал башка жарандардай эле чет мамлекеттерге чыгып, кайра Кыргызстанга кирип турууга укуктуу эле. А эгерде ал издөөдө жүргөн маалда, кимдир бирөөнүн жардамы менен чек арадан чыгып кеткен болсо, буга укуктук баа берилиши керек. Муну президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн тергөө тобу кылдат иликтөөгө тийиш.

Июнь окуясынын алдын-алууга мүмкүндүк бар беле?

Алдын алуу мүмкүн болчу деп эч ким айта албайт. Июнь коогалаңы ушундай масштабда болот деген нерсе эч кимдин оюна да келген эмес. Бирок, бир кыргыз эки өзбек менен уруша кеткен, же тескерисинче, эки өзбек бир кыргыз менен уруша кеткен майда окуялар катталып турган. Аларды укук коргоо органдары заматта баса калып, күнөөлүүлөрдүн үстүнөн иш козгоп, айыптуусун камап, бейкүнөөлөрдү актап келген. Ушундай майда нерселер күчөп отуруп чоң жаңжал чыкты. Мындай окуя болуп кетерин алдын-ала билдиңер беле деген оор суроо. Буга жооп бериш кыйын. Бирок, Убактылуу өкмөттүн ошол убакта эле “бул окуялардын алдын алууга милдеттүү элек, саясий жоопкерчилик алышыбыз керек” деп айткандарына кошулам. Алар кандуу окуялар үчүн саясий жоопкерчилик алды.

Ошол кезде күч органдарын учурдагы президент Алмазбек Атамбаев координациялаган турбайбы?

Азыр өкмөт башчынын орун басары Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин координациялайт. Ошол сыяктуу эле ал кезде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын буйругу менен күч органдарынын ишин координациялоо азыркы президент Алмазбек Атамбаевге жүктөлгөн. Бирок координациялайт десе эле, ал милдет жүктөлгөн адам бардык ишин таштап салып, өзү чуркап барып чек араны кайтарып, Батыровду чыгарбоого аракеттениш керек деген доомат туура эмес. Туура, координациялап турган. Биз баарыбыз ошол кишиге барып акылдашып, кеңешип турганыбыз чындык.

Маалымат үчүн

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин дарегине бир катар айыптоолор менен чыккандан кийин Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусун жана буга Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн тиешеси бар-жогун аныктоону Башкы прокуратурага тапшырган. Өз кезегинде Текебаев президент 2010-жылы Кадыржан Батыровдун сунушу менен Жалал-Абад облусундагы бир катар кадр маселелерин чечип келгенин жарыялаган. 22-сентябрда алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров ЕККУнун Варшавадагы отурумунда Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын айтып, кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырды. Аталган жыйынга кыргызстандык укук коргоочулар, “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова жана “Кылым шамы” кыймылынын төрайымы Азиза Абдирасулова да катышты. Айрыкча, Исмаилованын Батыров сүйлөп атканда кубаттап отурганы кыргыз коомчулугунун катуу сынына кабылды. Кыргызстан Батыровдун айткандарын четке кагып, жүздөгөн адамдын канына забын болгон, күнөөлүү деп табылган адамга ЕККУнун аянтча түзүп бергенине нааразы болууда.

60 жаштагы Кадыржан Батыров Кыргызстанда жашап турган маалда Жалал-Абад облусундагы өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчиси кызматын аркалап, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Жогорку Кеңештин депутаты да болгон. Жалал-Абад шаарындагы Элдер достугу университетинин ээси, кезинде аталган калаанын “ардактуу атуулу” наамын, улут аралык ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн кыргыз бийлигинин колунан “Даңк” медалын да алган экен. Алты жыл мурун апрель окуясынан кийин түштүктө бир топ үгүттөрдү жүргүзүп, өзбек тектүүлөрдү өз алдынча автоном түзүүгө чакырган видеотасмалары элге тарап кеткен. Апрелдеги бийлик алмашуудан кийинки туруксуз саясий кырдаал жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган кандуу коогалаң менен аяктады. Азыркы сурамжылоолор Ош, Жалал-Абаддагы өзбек улутундагы жарандардын көпчүлүгү Батыровду жек көрө турганын көрсөтүүдө. Ал азыр Швецияда жашайт. Таң калыштуу жагдай, кыргыз тарап Кадыржан Батыровду оор кылмыштарга айыптап, эл аралык издөө салганы менен Интерпол муну саясий негизде деп баалап, аны кармоодон баш тарткан. Ошентип, ал азыр Европада “саясий куугунтук жеп, запкы көргөн” адам катары батыштыктардын “боорун оорутуп”, ээн-эркин жүргөн кези. Кыргызстандын аттуу-баштуу саясатчылары анын өлкөдөн качып кетиши боюнча айыпты бири-бирине оодарып, Интерпол издөөдөн баш тартканын эске алсак Кадыржан Батыровдун жоопко тартыларына ишеним аз. Ал эми бул багытта козголуп жаткан сөздөрдүн артында саясий оюндар жаткандай.

Нураида Шералы кызы

Булак: Саресеп 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: