Menu

Президенттик шайлоо деп жатып “Кумтөр” унутта калды

Бөлүшүү:

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин эмне иш кылып жатканы белгисиз. Май талкандуу кызматты кучактап отурган менен мамлекетке пайдалуу иш кылганы байкалбайт. Кечээ жакында президентке кирип тоо кен тармагындагы процесстердин айкындуулугун жогорулатуу, коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу,инвестицияларды тартуу бонча маалымат берди. Жолугушууда “Кумтөр” долбоорундагы Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү, экологиялык маселелерди жөнгө салуу боюнча канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө да айтып бергени кабарланды. Бирок эмне болгон сүйлөшүү экенин, жыйынтыгы туурасында бир ооз сөз айтылган жок. Ырасында, президенттик шайлоо деп жатып, «Кумтөр» кениндеги Кыргызстандын кызыкчылыгы унутта калды. Канадалыктар эски келишим менен эле мурдагыдай кирешенин көбүн алып, алтынды тынбай казып жатат. Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы кезинде «Кумтөр» кенин кыргыз мыйзамына баш ийип иштей турган кылып жаңы ишкана түзүп 50-50 пайыз кылып иштетмекчи болгон ишти Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп келгенде, «Кокуй, жаңылышып канадалыктарга уттуруп жибермек экенбиз»-деп жокко чыгарган. Өзү “Центерранын” директорлор кеңешин алмаштырам деп, иттен жок же ит байлаган жиптен жок, ишти ара жолго таштап иштен кетти. Андан кийинки келген Темир Сариев «Кумтөрдүн» үстүнөн иштеген жок. Тескерисинче мөңгүлөрдү талкалап, кен казууга уруксат алып берди. Учурда алтын казылып жатат. Бирок пайдасын мурдагыдай эле канадалыктар көрүүдө. Мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп чара көргөн же маселе көтөргөн жан жок. Саясат деп жатып экономика менен элдин, мамлекеттин мүдөөсү көңүл сыртында калды. Эми шайлоодо президент болом деген талапкерге эң биринчи кезекте «Кумтөрдү» Кыргызстана ала аласыңбы деген талап коюш керек. Аткара алышпаган күндө дагы убадаларын алып, жоопкерчиликти мойнуна жүктөп коюу абзел.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: