Бүгүн, 17-июнда Бишкектин Ден-Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде (“Шлагбаум”) саат 19:30 чамасында 35 жаштардагы эркек өзүнүн сүйгөнүн кызганып, ага кол көтөрүп, “өлтүрөм” деп бычак менен коркутуп, барымтага алган.
Саат 19:40та окуянын күбөлөрү милицияга кабарлашкандан кийин жетип келген патрулдук кызматтын жана N 5-ГОМдун милиционерлери сүйлөшүү жүргүзүү учурунда кылмышкерди кармап, аны куралсыздандырып, колу-бутун байлап, милицияга алып кетишкен. Бирок кармоо учурунда милиционерлер бычактан жаракат алышкан.
Кармалган жаран Биринчи май райондук милициясына жеткирилип, өздүгү такталды. Ал 1984-жылы туулган Сталбек К. болуп чыкты. Кылмыш учурунда ичип алганы белгилүү болду.
Ал эми анын сүйгөнү (жарандык жубайы) жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ