Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: “Ислам академиясы жаңы кыргыз дүйнөсүндө жашаган аалымдардын жаңы муунун тарбиялоодо чоң салым кошот”

Бөлүшүү:

— Жакында эле Кыргызстанда жаңы саамалык болду. Президент С. Жээнбеков Кыргызстанда Ислам академиясы ачылаарын жар салды. Муну көпчүлүгү колдоду. Бул биздин турмушубузга канчалык реалдуу? Буга чейин Академиясыз эле күн көрдүк эле го.

— Мен муну өтө көрөгөчтүк менен кабыл алынган чечим деп баалайм. Менимче, бул кеч жасалып жатат. Мындай кадамга биз Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден тартып эле барышыбыз керек болчу. Кыргызстан Орусия империясынын курамына киргенден бери ислам дини басмырланып келди. Ал эми СССРдин учурунда ислам динине ал өлкөдө орун жок эле. Бүтүндөй мечиттер, тарыхый эстеликтер КГБ тарабынан талкаланган. Мисалга, Сулайман тоосундагы Султан Бабурдун үйүн алсак болот. Кыргыз
айылдарында мечит калбай калган. Эл мечитке шаарларга же райондук борборлорго барып калган. Өлкөбүз эгемендүүлүккө чыккандан тартып, коммунисттик идеологиянын кыйрашы менен, эл рухий дүйнөсүн толукташ үчүн ислам динине кайрыла баштады. Айрымдар чокунуп, кай бири буддага өтсө, дагы бири жан дүйнөсүнүн очогун теңирчиликтен таап жатышат. Бирок ошондой болсо да, мамлекет тарабынан исламга өтө
өзгөчө мамиле, өгөйлөө болуп келди. Бирок, ошол эле учурда бийликтегилер өзүлөрү өлүм-житимде, аштарда жаназага туруп, куран окутуп барып, өзүнчө намазга жыгылып келишти. Бул туура эмес. Биз эгемен өлкөбүз. Мына Татарстан, Башкирстанды карагыла. Алар Орусиянын ичиндебиз деп, мусулманчылыктан кечип кеткен жок да. Өз динин, каада-салтын улантып келатышат. Ислам Академиясы жок болгондон кийин жаштар диний тарбия алыш үчүн Египетке, Пакистанга ж. б. өлкөлөргө барып билим алып жатышат. Ал жактан бизге бейтааныш ислам багыттарындагы көз караштарды экспорттоп келип жатышат. Исламдын радикалдуулугунан айрым жаштарыбыз башка динге кирип кетип, улуттун биримдигине, ынтымагына доо келип жатат. Ошондуктан, мен ойлойм, Ислам академиясы бизге жаңы кыргыз дүйнөсүндө жашаган, башка бир багыттардын таасиринде эмес, аалымдардын жаңы муунун тарбиялоодо чоң салым кошот. Кыргызстанда Исламдын туруктуу жана салттуу түрдө өнүгүшүнө жардам берет.

— Өзүңүзгө белгилүү болгондой КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш” түзүлдү. Мигранттардын чет өлкөлөрдөгү жашоо турмушун жакшыртуу үчүн дагы эмнелерди кылса болот?

— Мениин оюмча, Кыргызстанда миграция проблемасын таптаза туура эмес түшүнүшөт. Миграция бул бардык өлкөлөргө эле мүнөздүү проблема. Анын деңгээли кээде тез көбөйөт, кээде тескерисинче түшөт. Айрым учурларда саясий абалга жараша деле миграция күчөйт. Мисалы, согуштук кырдаал түзүлсө. Бирок, Кыргызстанда миграция проблемасы таптаза башка негизде каралышы керек. Кыргызстан Орто Азиянын
башка өлкөлөрүндөй эле демографиялык өсүшү күчтүү өлкөлөргө кирет. Бизде адамдын жана элдин саны өсүп жатат. Мамлекет элин бага албай келет. Өлкө социалдык проблемалардын чечилбегендигинен саясий туруктуулукка кооптуу абалга тушуга берет. Кыргызстандагы бүгүнкү абал илгерки Түркиядагы абалга окшош. Түрктөр да демографиялык өсүүдөгү элдерге кирет. Бирок, алар жаңы площадканы, территорияны
Батыштан тапкан. Батыштагы ар бир өлкөдө 100 миңдеген түрктөр жашашат. Германияда эле 3 млн түрк жашайт. Алар өтө компакттуу түрдө жайгашкан. Мектептердин жанында, өзүлөрүнүн мечиттери бар. Аталар балдарын кичинесинен бери мечитке алып барып, өз курдаштары менен тааныштырып, ойнотуп, эне тилдерин, маданиятын, каада-салттарын сактап калышкан. Туркияда миграция проблемасы мамлекет тарабынан кыйыр түрдө көзөмөлгө алынып, багыт берилип турган. Бул жаатта миграция менен аракеттенген
коомдук уюмдардын салымы чоң болгон. Булар мигранттарга кайда көчүүнү, жайгашууну маалымдап, алардын компакттуу түрдө жайгашуусуна түрткү берип турган. Мына ушундай жол менен Туркия социалдык пробемалардын чечилишин жеңилдеткен жана саясий туруктуулукту сактап кала алган. Кыргыз эли демографиялык өсүүдө болуп жаткан соң, бизге жаңы площадка, жаңы территория керек. Кыргызстан ЕАЭС биримдигине кирген өлкөлөр менен тыгыз байланышта. Биздин мигранттардын 20% Казакстанга кетип
жатса, калганы Орусия өлкөсүнө кетүүдө. Орусияда кыргыздар Краснодардан Владивостокко чейин чачылып жайгашкан. Бирок, Санкт-Петербург, Москва шаарларында көбүнчө жергиликтүү жаштардан кысымга алынып, сабалып, тонолуп, айрым учурларда өлтүрүлүп да жатат. Ошондуктан биздин жаштар көбүнчө борбор калааларга эмес, Орусиянын Чыгышындагы шаарларга миграция кылганы алда канча
туурарак. Мисалы, Краснодарга (20 миң), Оренбургга (50 миң), Новосибирскиге (30–50 миң), Абаканга (30–50 миң), Красноярскиге (100 миң), Якутскиге (50 миң), Владивостокко (50 миң), Кызылга (30 миң) ж. б. у. с. Бул шаарларда компакттуу түрдө жайгашууларына багыт берүү керек. Мындай ролду бизде “Замандаш” ассоциациясы жана ошол жактагы мигранттардын жердешчилик уюмдаырынын лидерлери ойносо туура болчудай. Миграция маселеси ушундай негизде каралса, кыргыз мигранттарынын ошол шаарларда
жашоосу бир топ жеңил болмок эле. Мисалы, эне тилин, маданият, каада-салттарын сактап калганга чоң өбөлгө түзүлмөк. Өтө бай адамдар Красноярскидеги спорт комплексинин бирин сатып алса, ал жерде биздин жаштар спорт боюнча тарбияланып, мыкты жетишкендиктерге жетишип, спорттун башка, бизде жок түрлөрү боюнча да өлкөнүн атын чыгармак дегендей.

Маектешкен: Т.Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: