Бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1968-жылдын 28-апрелинде туулган, ЖЧК «Аурдин» директору Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтен КР БШКга арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1981-жылдын 29-сентябрында туулган,“Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” КФнын Башкаруунун төрагасы Чороев Кубан Аманбековичтен арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 30-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1965-жылдын 9-мартында туулган, «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич кайрылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ