Menu

Кыргызстан менен Индия ишкерлерди колдогон фонд түзөт

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Индия ишкерлерди колдогон фонд түзөт. Бул боюнча макулдашуу болгонун, ал товар алмашууну жандантуу максатын көздөрүн президент Алмазбек Атамбаев ырастады. Президент Атамбаев шейшембиде Индия баш калаасында премьер-министр Нарендра Моди менен биргелешип басма сөз жыйынын өткөрдү.

Мамлекет башчы эки өлкө адам укуктары, сөз эркиндиги, демократия жана мыйзамдуулук жаатында кызматташтык кылып келгенин, эми экономикалык байланыштарды күчөтүү аракетине да басым жасалып жатканын белгиледи.

Нарендра Моди бул жаатта кеңири талкуу жүрүп, бирдиктүү кызыкчылыктар боюнча сүйлөшүүлөр болгонун билдирди.

Нью-Делиде эки өлкө ишкерлеринин бизнес форуму өтүүдө. Ага президент Алмазбек Атамбаев да катышат.

Атамбаев Индияга 18-декабрда мамлекеттик сапар менен барган. 21-декабрда ал Бишкекке кайтып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: