Menu

Мыктыбек Абдылдаев: “Президент бирди айтат, силер бирди айтасыңар, кимиңерге ишенебиз? Баарын чаңдатып, баш-аягы жок кылып салдыңар го?”

Бөлүшүү:

“Биз 11-декабрда референдум өткөрдүк да, туурабы?  Анан ошол референдумда Конституцияга көп өзгөртүүлөрдү киргиздик. Анан ошол өзгөртүүлөрдүн 7-8 беренесинин ишке кирүүсүн артка жылдырып коюп жатабыз да. Анын ичинде 5 берене өкмөт боюнча, 2 берене мобу кылмыш саясаты боюнча”, – деп билдирди бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Мыктыбек Абдылдаев.

“Мыйзамда жазылып турат, “Присяжные заседатели” деген норма 2020-жылы ишке киргизилет деп. Бул норманы бүгүн эле иштетиш керек да өзү, бирок иштете албай койдук, 5-6 жылдан бери. Дайыма эле “Өкмөт чечсин, өкмөт акча тапсын” дешет. Мына бул да кетти 2020-жылга. “Срок давности” деген да 2020-жылга калды. Биз Конституцияны өзгөртүүнү киргизип жатканда добуш берип, мыйзам киргизип койбодукпу “Конституцияны ишке киргизүү жөнүндө мыйзамды”.  Ал жерде “Кумтөр” алтын кени боюнча канча далилденген нерселер бар? Президент да айтып жатат. “Эгер Конституцияны кабыл алып берсеңер “Кумтөрдү” эртеңден баштап чечебиз” деди.  Бул жерде болсо “Срок давности” деген норма 2019-жылдын 1-январынан баштап кирет деп жүрөт. Биз кимиңерге ишенерди билбей калдык. Баш-аягы жок болуп калды. Өткөндө Валентин Богатырев деген эксперт “Кыргызстан псевдогосударство (жалган мамлекет) болуп калды” деп айтыптыр. Ага эч ким да жооп берген жок. Ал эми биз бир сөз айтсак баары жабыша калат, президенттин аппаратынан баштап, баарына чейин.  Псевдогосударство деген бул мнимый (курулай) деген да.  Буга бир фракциянын жетекчиси же спикер, же премьер-министр, же президенттик аппарат болобу бирөөсү жооп берген жок. “Кыргызстан калп эле мамлекет” дегенге. Ал мына ушундай баш-аягы жок иштерди көрүп айтып жатабы дейм да. Ошондуктан 2017-жылдын 1-январынан тартып баардык өзгөртүүлөрдү биз мыйзам менен ишке киргизишибиз керек. Ушул мыйзамдар даярдала баштагандан бери 4 жыл болду да, ошондон бери эмне үчүн каражат чечилбейт? Ошондуктан менин сунушум ушул – баардык өзгөртүүлөр 1-январдан баштап ишке кирсин. Баарын. Бөлбөйлү. Антпесек Конституцияны карап башыбыз айланып калат. Анан мобу Кылмыш-жаза кодексин окушканда да практиктер түшүнбөй калышат. Эксперттер айтышса керек, өзгөртүүлөрдү жаңы кылмыш-жаза кодексине киргизесиңер деп.  Ушул чынбы? Анда 2 жыл, 2019-жылга чейин практиктер кантип иштешет? Кайсы мыйзамга киргизебиз биз өзгөртүүлөрдү?  Эки кылмыш-жаза кодекси болуп калабы?  Эки жыл экөө тең иштейби анан? Биз эски Кылмыш-жаза кодексине да киргизип, анан жаңы, 2019-жылы ишке кире турган кодекске да киргизе беребизби?  Асел Союзбековна, мен ушуну түшүнбөй жатам? (Асел Союзбековна Кодуранова мурунку Атамбаевдин секретаршасы, азыр комитеттин төрайымы – ред.) Биз баарын чаңдатып салдык го? Чаңдатып. Эгер баардык нормалар ишке 2019-жылы кире турган болсо анда референдумду 2019-жылы эле өткөрбөйт белек? Дүйнөдө бир да мамлекетте жок экен, кабыл алынган мыйзам нормалары 3-4 жылдан кийин ишке кирсин деген. Баардык мыйзамдар кабыл алынып, кол коюлгандан кийин күчүнө кириш керек да. Мыйзамдын өзүнүн нормалары бар да”, – деди Мыктыбек Абдылдаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: