КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков жаңы төрөлгөн “Дастан” ысымындагы ымыркайга “50 миң сом” берди. Бул тууралуу алып баруучу Айзада Жамгырчиева Инстаграм баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Дастан Жумабеков ымыркайга өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан берген.
“50 миң сүйүнчү пул”. Кечээ, 14-сентябрда КРнын Жогорку Кеңешинин төрөгасы Дастан Жумабеков Таласка болгон расмий иш сапарында жаңы төрөлгөн “Дастан” ысымындагы ымыркайга өзүнүн үй- бүлөсүнүн атынан “50 миң сом” берди.
Жакынкы жылдарда Кыргызстанда жаңыдан туулган ар бир ымыркайга мамлекет тарабынан ушундай “сүйүнчү” берилээрин ишендирип кетти”, – деп билдирүү жазган алып баруучу Айзада Жамгырчиева.
https://www.instagram.com/p/CFJhbkpDYNm/?igshid=at5ieicee9lo
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ