Menu

Өзбекстан менен Украина ырааттуу аба каттамдарын жандандырууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен Украинанын авиациялык бийлиги Ташкент-Киев-Ташкент каттамдарын жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу «Интерфакс-Украинага» Өзбекстандын Украинадагы элчилиги кабарлады.

Өзбекстандын Украиандагы элчиси Алишер Абдуалиевдин белгилешинче, Ташкент-Киев-Ташкент каттамы боюнча учактар 2015-жылы майда акыркы жолу учкан.

«Ошондон бери ырааттуу каттамдар боло элек. Бул болсо товар жүгүртүүгө жана эл аралык турзимди өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратты. Аба каттамдардын жоктугу эки өлкөнүн тең кирешелерине терс таасирин тийгизүүдө. Анын үстүнө бул учурдан үчүнчү өлкөлөрдүн авиакомпаниялары пайдаланып жатат», –деди Өзбекстандын элчиси.

Азырынча кандайдыр бир жыйынтыктар жөнүндө сөз кылуу эрте. Бирок карапайым жарандардын жана ишкер чөйрөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен ыңгайлуу вариантты иштеп чыгуу жагы каралууда.

2013-жылы Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясы Ташкент-Киев-Ташкент каттамдарын токтотууну пландаган. Буга “Украинанын эл аралык линиялары” өзбек өнөктөштөрүнө басым жасап, “Ташкент” эл аралык аэропортуна белгилүү күндөрдө жана убакытта конууга уруксат алууга аракет жасаганы себеп болгон. Бирок Украина бул маалыматты четке кагып, кызматташууга даяр экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: