Menu

Самат Догочуев, «Жаңы Муун» волейбол клубунун оюнчусу, Кыргызстан курама командасынын капитаны: «Эл аралык мелдештерге чыгалы десек каражат жетишпей туруп калып жатабыз»

Бөлүшүү:

— Самат мырза, топ менен дос болуп жүргөнүңүзгө көп болдубу?

— Жыйырма жылдай болуп калды го дейм. Мен 1998-жылы волейбол ойноп баштагам. Өзүм туулуп өскөн Балыкчы шаарында эмгек сиңирген Сейитказиев Мелис деген агай бар. Ошол киши мени волейболго алып келип үйрөткөн. Мектепти бүтөөрүм менен азыркы Дене-Тарбия Академиясына тапшыргам. Ал жерде академиянын курама командасында, «ГУВД Бишкек» командасында, «Ата-Кенч» командаларда ойноп жүрдүм. Учурда «Жаңы Муун» волейболдук клубунда машыктыруучусу жана оюнчусу болуп эсептелем. Кыргызстан курама командасынын капитаны менмин.

— Курама команда жарк этип жылдыз болуп чыга албай калууда. Себеби эмнеде?

— Анткени бизде каржылык маселе аябай курч бойдон калууда. Ошондуктан биздин спортчулар волейбол жаатында көптөгөн Эл аралык мелдешке чыга албай, жарк этип жана албай жүрөбүз. Болбосо ийгиликке жетишип, башка мамлекеттин күчтүү спортчулары менен тең тайлаша ала турган мыкты балдарыбыз абдан көп.

–20 жылдан бери волейбол жаатында жүрсөңүз бул жаатта каражат таап, үй-бүлө бакса болот турбайбы?

— Болот, албетте. Бирок чет өлкөлөрдө гана. Биздин мамлекетте бул жомок болуп эсептелинет. Анткени бизде профессионал спорт жок. Ал эми алыс кетпей Казакстандагы биздин даражадагы оюнчуларды алсак мамлекет тарабынан 5 000 доллар айына төлөнүп берилип, жакшы шарттар каралат. 10 000 долларга чейин төлөп беришкен учурлар да катталып турат. Эгер бизде ошентип төлөп беришсе жакшы болмок. Бизде жөн гана оюнду сүйүүчүлөр ойношот. Профессионал болуш үчүн күнүнө эки жолуна машыгып, чет өлкөгө чыгып сборлорду өткөрүп туруш керек. Эртең менен оюнчу балдарыбыз үй-бүлөсүн багабыз деп жумушка кетишет. Студенттер окууга барышат. Башкача айтканда жумасына үч эле жолу машыгышат. Анан кантип күчтүү ийгилик жаралсын. Окуудан, жумуштан кийин машыгышат. Бизде деле каражат төлөнүп берилсе жумушка иштебей бир гана волейбол менен алектенип калышмак.

— Жаш балдарыбыздын волейболго тартылуусу начар болуп бараткандай?

— Ким айтты аны? Тескерисинче мамлекеттин ичинде волейболго кызыгып ойногон улан-кыздарыбыз абдан көп. Биз аны каржылап, өзүбүзгө тартып ала албай жатабыз.

— Спортчулар утулуп калганда мисалы футболчулар мелдеш өтүп жаткан жерде ыйлап жибергенге чейин барышат. Сиздерде мындай нерсе такыр байкалбайт. Балдарды эң биринчи сабырдуулукка тарбиялайт окшойсуздар?

— Андай деле эмес. Болгону биздин балдар Эл аралык мелдештерге көп чыга беришпейт. Эгер ошондой чоң масштабтагы иш чарада утулуп калышса албетте ыйлашмак. Эл аралык мелдештерге чыгалы десек каражат жетишпей туруп калып жатабыз. Мисалы күрөштөн же бокстан бир же эки баланы алып кетсе болот. Биздин командадагы 14 баланы чет өлкөгө чыгарганга каражат көп талап кылып кетет.

— Башка спорттогудай эле витамин ичип, такай доктурлардын көзөмөлүнөн өтүп турасыздарбы?

— Кудай анын бетин ары кылсын. Биз көп деле доктурларга муктаж боло бербейбиз. Анын үстүнө команданын балдарын такай коштоп, ден-соолугуна кам көргөн жеке менчик медиктер деле жок. Витаминдерди көп деле иче бербейбиз. Эгер кырсык болуп кетсе өз каражатыбыздан эле кадимки эле мамлекеттин ооруканаларына көрүнөбүз.

— Волейболдо кол кайрылып, бут чыгып кетет дешет?

— Андайлар оюн сайын болбосо да көп кайталанат. Ийинден кол чыгып кетет, манжалар сынып кетиши мүмкүн. Буттан тизе чыгып кеткен убактар болот. Кудай эле сактасын деп ойнойбуз.

— Дүйнөлүк деңгээлде кайсыл күчтүү курама команда менен оюн талаасына кездешсек дейсиз?

— Польшанын курама командасы абдан сонун кызыктуу, кооз оюн көрсөтүшөт. Ошол команда менен беттешсек балким күйөрмандардын да эсинде кала турган оюн болмок. Абдан жакшы оюнчулар көп. Атактуулардын катарына биз дагы чыксак жакшы болмок. Мамлекет дагы көп каралаша албай жатат.

— Таптакыр эле сиздерди таштап койдубу?

— Эми каржылап келе жатат. Жакында эле дүйнөлүк чемпионатка тандоо болгондо жакшы жардам берилди. Былтыр 2015-жылы Азия чемпионатына катышканда да каржы жаатынан жакшы көтөрүп беришкен. Акыркы эки жылдан бери мамлекет бир аз көзөмөлдөп жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: