Menu

Видео – «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү

Бөлүшүү:

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө.

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы бир акциясы 100 сом номиналдык наркы менен 100 миң жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10 миллион сом өлчөмүндө аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыгып, «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: