Menu

Видео – Жогорку Кеӊеште Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу жөнүндө маселе каралды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып жатат. Адегенде Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду.

Баяндамачы мыйзам талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратылгандан кийин гана жазык жоопкерчилигине тартылыш мүмкүн. Адегенде мына ушул маселенин башын ачып алуу зарыл. «Атайын комиссия негизинен Конституция баш болгон 5 ченемдик укук актысына таянып иш жүргүздү. Комиссиянын корутундусуна 11 депутат кол койду. Ошондон улам, Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору иштелип чыгып, тармактык комитет парламенттин кароосуна алып чыгып отурат», – деди Каныбек Иманалиев.

Депутаттык атайын комиссиянын төрт жыйыны өткөрүлүп, адегенде экс-президент Алмазбек Атамбаевге адегенде тогуз айып тагылганы, бирок иликтөө жыйынтыгында ал алтыга чейин кыскартылганы белгилүү болду.

Ошентип, экс-президентке мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алганы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, ТЭЦке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алышы боюнча айып тагылууда. Ушундан улам, комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектелүүгө негиз бар деген жыйынтыкка келген.

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоорун талкуулоо жол-жоболору улантылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: