Menu

Атамбаевдин кол тийбестик маселеси Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечилет

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды. 105 депутаттын 100ү «макул» деп добуш берди.

Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев «Азаттыкка» мындан аркы процедура тууралуу айтып берди:

– Эми Башкы прокуратура биз көрсөткөн «шектенүүгө негиз бар» деген алты жагдай боюнча иликтеп, чын эле УКМКда, ИИМде, Финчалгында, Финполдо иштер козголуп же иликтөө жүрүп жатабы-жокпу, карап чыгат. Эгер негиздүү деп тапса, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери аркылуу сунуш киргизип, «кол тийбестикти алууга негиз бар» деп кайра Жогорку Кеңешке келип, добушка коюлат. Ал эми «негиз жок» десе, биздин комиссиянын иши жокко чыгат.

Комиссия Атамбаевге кине койгон демилгечи топтун алты айыптоосу боюнча мурдагы президенттен шектенүүгө негиз бар деген бүтүмгө келген.

Алар – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: