Menu

КГБнын Путинге берген мүнөздөмөсү сыр болбой, ачыкка чыгарылды

Бөлүшүү:

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы тарыхый-саясый документтердин мамлекеттик борбордук архивинен СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБнын) Орусия президенти Владимир Путинге берилген мүнөздөмөнү көрсөттү. Документти өлкө менен шаардын башчылары жөнүндө материалдар сыр болбой, ачыкка чыгарылгандарынын көргөзмөсүнөн көрө аласыз.

Ал документти “78” телеканал көрсөттү. Путин 1975-жылдан бери КГБ башкармалыгынын комсомолдук уюмунда каттоодо турган экен. Аны ишин так аткарган, жүрүм-туруму ойдогудай, абийирдүү кызматкер катары мүнөздөмө беришкен.

“Жолдош Путин ар дайым өзүнүн идеялык-саясый деңгээлин жогорулатып турат. Партия окуусуна дилгир. Кесипкөйлүк чеберчилигин да өстүрүп келет. 23 жашында дзюдо жана самбо боюнча СССРдин спорт чебери боло алды, 1976-жылы Ленинграддын чемпионатын жеңди. Моралдык жактан туруктуу, жоро-жолдоштору арасында кадыр-баркка ээ”, – деп айтылат документте.

Бул көргөзмө “XX—XXI кылымдардагы атамекен тарыхындагы улуу ишмерлер” долбоору аталат. Ал көргөзмөгө 25-октябрдан 20 декабрга чейин кирип көрсө болот.

Ал эми В.Путин берген маектеринде КГБдагы иши пайдалуу тажрыйба болгонун баса белгилеп келет.

Ал эми Кыргызстандын “үч тамгасы” Союз тушунда сыр болгон документтерди качан ачыкка чыгарат болду экен?

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: