Германия канцлери Ангела Меркель өлкөдөгү исламисттердин кол салуулары качкындардын агымы менен байланыштуу эместигин билдирди. Sueddeutsche Zeitung гезитине берген маегинде ал мамлекетте терроризм миграциялык каатчылыкка чейин эле болгонун белгиледи.
Меркель өлкөнүн миграциялык саясатындагы кемчиликтерди моюнга алды. Анын айтымында, жалпы европалык реформаларды он жыл мурун эле башташ керек болчу. Анын ичинде Шенген аймагынын тышкы чек араларын коргоо маанилүү экенин баса белгиледи.
Жакынкы жана Орто Чыгыш менен Африка өлкөлөрүнөн чыккан миллиондон ашуун бозгун 2015-жылы Германиядан баш паанек сураган. Гремания өкмөтү июлда болгон кол салуудан кийин мигранттарга карата “ачык эшик саясаты” үчүн сынга кабылган. Канцлер Ангела Меркель чабуулдарды айыптап, бирок миграциялык саясатты өзгөртүүдөн баш тарткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ