Menu

Алишер Усманов Өзбекстандагы дарыгерлерге дээрлик $10 млн бөлүп берди

Бөлүшүү:

Өзбек улутундагы орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин сыйлыгына 100 миллиард сум (10 миллион долларга жакын) бөлүп берди. Бул тууралуу UZA.uz. мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Өзбек бийлиги бюджеттен медиктерге дагы 100 миллиард сум бөлөт. Өкмөттүн чечимине ылайык, бул каражаттан бир жолку сыйлык катары дарыгерлерге беш миллион сумдан (500 доллар), ортоңку медицина кызматкерлерине төрт миллион сумдан (400 доллар) берилет.

Расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда 25 миңден ашык адамга коронавирус жугуп, 151 бейтап көз жумду. Расмий эмес булактарда ооругандар жана көз жумгандар мындан алда канча көп экени айтылууда. Ушул айда бийлик карантин чараларын кайталап күчөткөн.

Өзбекстанда төрөлгөн Алишер Усманов «Forbes» журналынын рейтинги боюнча Орусиядагы эң бай деген кишилердин тизмесинде жетинчи орунда турат.

2018-жылы АКШнын Финансы министрлиги Усмановду Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын олигархтардын бири катары атап, санкция салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: