Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыктын кызматкери 20 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу 26-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Салыкчы жеке ишкерди калкалап, салык маселелери боюнча көмөк көрсөтүп турам деп пара сураган. Бул факт “Пара талап кылуу” беренеси менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилди. Сот анын баш коргоо чарасын үй камагына чыгаруу менен чечти”, – деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ