Menu

Видео – Сыймык Жапыкеев, экс-прокурор: “Кубанычбек Жумалиев менин бир тууган жездем Бейшенбек Үкүевге миллиондогон доллар турган 4 завод-фабрикасын каттатып койгон”

Бөлүшүү:

“Раатбек Санатбаев эмне болуп өлгөнүн айтып берем, кимдер, кандай өлтүрүшкөн, эмне үчүн өлтүрүшкөн, бүт баарын айтып берейин… Жумалиев бүгүн куран кармады. Мен таң калып калдым. Мен урматтуу Сооронбай Шариповичке, генпрокуратурага, финполицияга, госимуществого бүгүн арыз жазам. Менин 4 татынакай фактым бар, аты-жөнү менен, баары тирүү”, – деп билдирди бүгүн, 5-майда экс-прокурор Сыймык Жапыкеев.

“Бул Жумалиев бир кезде Акаев менен Ленинградда чоогу окуп калат. Акаевге братишка болуп жүрө берет. Бул Аксыдан. Анан булар менен Үкүев Бейшенбек деген жездем бар менин, бир тууган жездем. Альфонс жезде, кичине альфонсураак жагы бар. Өзү профессор, КАСИде профессор, мына азыр барса, кармап алса болот. Ошол жездеме Жумалиев (Роза деген эжемдин, атамдын карындашы да), ошол Бейшенбек деген жездеме Жумалиев миллион-миллион турган 4 объектилерин каттатып койгон. Ал профессор аны ким текшермек эле деп. Жездем өзү бир байкуш. Өзүнүн колунда эч нерсе жок болчу. Ага “Прадо”, үй сатып беришти. Ага чооң-чоң 4 объектисин каттатып койгон. Урматтуу президент комиссия түзүлсүн. Азыр Үкүевдин атында эмне бар деп карагыла, Госрегистрдан текшергиле, Үкүевде эмне бар? Үкүев менин жездем. Ошого Жумалиев миллион-миллион турган 4 завод-фабрикаларын, жерлерин каттатып койгон. Бул бир факт, мен бул боюнча арыз жазам, бүт териштиребиз… Биз Жумалиевди аягына чейин бүтүрөлү, каматалы, комиссия түздүрөлү, комиссияга Максат Мамытканов өзүм төрага болуп берем деди. Канат Хасанов комиссияга мүчө болуп берем деди. Депутаттардын кошушсун. Жумалиевдин “бул жээнимдики “Таатан” дегени болбойт…”, – деди Жапыкеев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: