Menu

Адахан Мадумаров: “Бакиевдики делген байлыктардын баарын 2010-жылы бийликке келгендер ич ара бөлүштүрүп алышкан”

Бөлүшүү:

– Бул маселенин ачылбай жатканына 3 себеп бар:

Биринчи себеп. Убактылуу өкмөттө бийликке келгенде Бакиевге карата койгон дооматтары калп болгон. “Ак Үйдүн үстүнөн көзгө атар мергендерди кармадык. Алардын 17си жер төлөдө жатат” дешкен. Ошону көрсөтө алган жок го. Калп болуп чыкты. “Миллиондогон долларды алып чыгып кетти”- дешти. Бакиев кийин Орусиядан келген 300 миллион доллар Кыргыз өлкөсүнүн эле эсебинде жатканын айтып чыкты да. Бакиевдики делген байлыктардын баарын бийликке келгендер ич ара бөлүштүрүп алышты. Кийин ызы-чуу болуп баштаганда Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуп тынышты. Эч ким жооп берген жок. Акчаларды кайтаруу аракетинен эч кандай жыйынтык чыкпайт. Себеби бийликтин айткандарынын баары жалган. Мен буга чейин эле буларды айтып чыккам.

Экинчи себеп. Иштин ачылбашына Бакиевдин бийлигинен кийин келген кишилердин сабатсыздыгы, чабалдыгы, иштин көзүн билбегендиги себеп болууда. Азыркы бийлик да бул маселеде аракети жок эле отуруп калат.

Үчүнчү себеп. Бир топ бийликтен кетип, кайра эле ошол топтун ичиндеги адам бийликке келсе, анда маселе жабык бойдон кала берет. Өнүккөн өлкөлөрдүн шайлоолорунда сөзсүз оппозиция жеңип чыгат. Мурункулардын ишин чукуп чыгыш үчүн эл атайын ошондой тандоо кылат. Бийлик канча комиссия түздү, бирок биринин да жыйынтыгы чыккан жок.

(“Супер инфо” сайтынан алынды)

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: