Menu

Бабанов “АКБ Кыргызстанга” кантип ээ болуп калган?

Бөлүшүү:

Президенттикке экс-талапкер, бүгүнкү күндө чет өлкөлөдүн биринде баш калкалап жүргөн Өмүрбек Бабановдун басып өткөн жолунда да бир топ туура эмес жасаган иштери бар. Өзгөчө анын 2008-жылы “АКБ Кыргызстан” банкына ээлик кылып калганы боюнча фактылар көңүл бурууга арзыйт. Буга чейин эле маалымат булактарында Бабановдун рейдерлик басып алуусу жана дагы башка мыйзам бузган аракеттери тууралуу көп эле жазылды. Мына ушул “АКБ Кыргызстанга” Бабанов кандайча ээлик кылып калганына анализ жүргүзүп көрдүк. Эмесе, баяндап берели.

2008-жылдын 2-майында Ө.Бабановдун тууганы Сагадылла уулу Жаныбек Өмүрбек мырзанын апасы – Анипа Бабанованын счетуна накталай түрдө “Демир Кыргыз Интернэшнл” банкына 1 000 000 доллар салат. Андан ары ошол эле күнү Анипа айым ал акчаны “РК Аманбанк” ААКсындагы Ө.Бабановдун счетуна которот.

2008- жылдын 26-июнунда Calamus invetment Ltd (Кипр) компаниясынан “РК Аманбанк” ААКсындагы Ө.Бабановдун счетуна келишим боюнча “ссуда төлөмү” деген негиз менен 18 999 883 АКШ доллары келип түшөт. Бул ири суммадагы акча каражатынын Бабановдун счетуна келип түшүшү да терең иликтөөнү талап кылат. Себеби, ошондо эле бул акча каражаты кылмыштуу жол менен келген болушу мүмкүн деген шектенүүлөр жаралган.

Анан 2008-жылдын 1-июлунда Ө. Бабанов “АКБ Кыргызстандын” 18 акционерине алардын акциялары үчүн 19 955 328 АКШ долларын төлөп берет. Ошол эле жылдын 2-июлунда “АКБ Кыргызстандын” мурдагы акционерлери (алардын аталган банктагы акцияларын сатууга мажбурлашканы буга чейин маалымат булактарында жазылган. Тагыраак айтсак, Ө.Бабанов М.Бакиев аркылуу ал акционерлерди өз акцияларын сатууга мажбур кылган) “РК Аманбанк” ААКсынын 16 акционеринен акцияларын 14 510 210 АКШ долларына сатып алышат.

Ошол эле убакта “АКБ Кыргызстандын” мурдагы акционерлери 5 059 205 АКШ долларын накталай алышат.

2009- жылдын 20-февралында Ө.Бабанов белек кылуу (дарения) келишими аркылуу “АКБ Кыргызстандын” 142 109 525 сомдук акциясын өзүнүн бир тууганы Ая Бабановага өткөрүп берет.

2008-жылдын 28-июлунда «РК Аманбанктын” айрым сатуучу-акционерлери, тактап айтсак «Ритек», «Старком», «Альфа Вектор» ЖЧКларынын сатуучу-акционерлери 4 309 696 АКШ долларын «Зека» ЖЧКсынын дарегине которушкан.

2008-жылдын 1-майына карата «АКБ Кыргызстан» банкынын активдери 2 298 582 000 сом же ошол кездеги курс менен алганда 63 148 000 доллар болгон. Ал эми «РК Аманбанк» ААКсынын активдери 813 162 000 сом же 22 340 000 доллар болгон. «АКБ Кыргызстандыкынан» 3 эсеге чейин төмөн болуп атабы?

Мамлекеттик салык кызматынын сайтындагы маалыматтар боюнча, Ө.Бабанов базада катталган, бирок 2007-2009-жылдары төлөгөн киреше салыгы жок. Анын апасы Анипа Бабанова дагы базада катталган, бирок 2007-2009-жылдары төлөгөн киреше салыгы жок. Бир тууганы Ая Бабанова боюнча деле жагдай ушундай.

Ал эми Сагадылла уулу Жаныбек базада катталган эмес.Calamus invetment Ltd  компаниясы да базада катталбаган.

Демек, мындан кандай тыянак чыгарабыз? Бул келишимди жүзөгө ашыруу убактысы – кыска, бир нече күн. Мунун өзү бул келишимге өтө так жана уюшкандыкта даярдыктар көрүлгөнүн түшүнөбүз. Себеби жөнөкөй гана бюрократиялык процедуралар бул келишимди өтө кыска убакыт ичинде жүргүзүүгө жол бермек эмес.

“АКБ Кыргызстандын” баланстык активдеринин анализи боюнча эле бул келишимден акционерлердин тарткан чыгымы 40 808 000 долларды түзгөн. Ал эми “АКБ Кыргызстандын” 43  филиалы, ал эми “РК Аманбанктын” болгону 7 филиалы болгонун жана репутацияларын эске алганда “АКБ Кыргызстандын” баасы дагы бир нече эсеге кымбаттайт. Бабановго акцияларын саткан акционерлердин тарткан жалпы чыгымы 100 млн доллардан ашып түшөт. Демек, бул банкты Ө.Бабанов рейдерлик жол менен тартып алды деген айыптоолорго негиз бар болуп чыгат.

Мындан тышкары Ө. Бабановдун жеке счетуна Calamus invetment Ltd кипрдик компаниядан келип түшкөн 18 999 883 АКШ доллары жана Сагадылла уулу Жаныбек Анипа Бабановага, ал Ө.Бабановго которуу жолу менен келген 1 000 000 АКШ долларынын да таржымалдарын иликтөө зарылчылыгы бар. Ал акчалар кайдан, кандай максатта келген? Салык инспекциясынын сайтындагы маалымат боюнча ошол Calamus invetment Ltd  компаниясынан келген 19 999 883 доллардан бир дагы сом салык төлөнгөн эмес. Бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүгү же түшүндүрүп айтканда, ири суммада салыкты төлөөдөн качуу менен кылмыш иш козгосо болот. Тактап айтканда, ал акчадан мамлекетке салык катары 1 999 988 доллар же ал кездеги курс менен 72 799 563 сом түшүшү керек эле.

Бул кылмыш дагы бир беренеге туура келет. Мисалы, КР Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинин 3-бөлүгү “Кылмыштуу жол менен келген акча каражаттарын адалдоо” деген берене.

“РК Аманбанк” ААКсынын, тактап айтканда “Ритек”, “Старком”, “Альфа Вектор” жана “Зека” ЖЧКлары – Максим Бакиевдин карамагындагы компаниялар болгон.

Кипр Республикасынын маалыматына караганда 19 999 883 доллар которгон Calamus invetment Lt компаниясынын бенефициар-ээси Өмүрбек Бабановдун бир тууганы Айя Бабанова экенин тастыкталды.

Бабанов “АКБ Кыргызстандын” мурдагы акционерлерин коркутуу жана шантаж жолу менен Максим Бакиевдин көзөмөлүндөгү компаниялардын счетуна акчаларды которттуруп турган, ал акчалар офшордон келген акчанын негизги суммасын түзгөн.

Ошентип “АКБ Кыргызстан” менен келишимден 15 млн доллар Максим Бакиевге бергенден кийин Бабанов КР вице-премьер-министри болуп калган. Демек, Бабанов бир эле учурда рейдерлик баскынчылык менен “АКБ Кыргызстанды” тартып алуу менен бирге, 15 млн доллар пара берип үлкөн кызматка көчүк басууга жетишкен десек да болот.

Мына ушул ишке эми тиешелүү органдар олуттуу көңүл бурушу керек. Анткени азыркыга чейин акыйкаттыкты издеп жүргөн акционерлер бар.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: