Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Майдан айылынын жашоочулары ведомстволор аралык комиссияны “Шамбесай” алтын кенине киргизбей, жердин үлгүлөрүн алдырбай коюшкан. Бул тууралуу Regnum МАги жазды.
Маллыматка караганда митингдин элүүдөй катышуучулары өздөрүн өтө агрессивдүү алып жүрүп, алар комиссиянын өкүлдөрүнө карата жаргон сөздөрдү айтып, жөөлөп, колдорунан кармап алып коё бербей коюшкан.
Облустук ИИБнен билдиргендей митингдин бир дагы катышуучусу камакка алынган эмес, бирок эң агрессивдүүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябр айында аталган айылдын тургундары кенди коөрүүгө келген Кытай кен казуучу компаниянын өкүлдөрүнө кол салып, аларды “мууздап салабыз” деп коркутушкан.
Айта кетсек Кыргызстандын аймагында алтын табуучу ишканаларда жергиликтүү жашочулар менен чет элдик инвесторлор ортосунда чыр чатактар көп болот. Эң көп кол салууга өлкөдөгү алтын иштетүүчү эң чон кендеринин бири “Кумтөр” туш болгон.
Кыргызчалаган: Kyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ