Menu

Ашхабадда алабайдын айкели орнотулат

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда алабай тукумундагы иттин эстелигин тургузууга тапшырма берди.

Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди. 6-ноябрда Гурбангулы Бердымухамедов шаардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Мамлекет башчы курулуш долбоорлору тууралуу маалымат алып, Ашхабадга алабай эстелигин тургузууну тапшырган.

Түркмөнстанда алабай тукумундагы ит улуттук дөөлөт катары эсептелет. Түркмөн президенти ага арнап китеп да жазган. 13-сентябрда өкмөттүн жалпы жыйынында аткаминерлерге алабайга арнаган ырын окуп берген.

Расмий басылмалар эстелик 2020-жылы июль айында даяр болорун маалымдашты. Аны тургузууга канча каражат жумшалары айтыла элек. Ашхабадда алабайга арналган алгачкы айкел 2017-жылы эле пайда болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: