Menu

Бекен Назаралиев: Атамбаев тынч жатпай, дагы бир төңкөрүш жасайм десе элдин каргышына калат

Бөлүшүү:

-Бекен байке, сизди экс-президент Алмазбек Атамбаев, анын бийлигин кескин сындап келген журналист катары билебиз. Ал эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду ажолукка ат салышкан күндөн баштап, басма сөздө колдоп келе жатасыз. Атамбаевди катуу сындап, ал эми президент Жээнбеков менен болгон жакын мамилеңизден аны колдоп келатасыз деп түшүнсөк болобу?

—Мен жалгыз эле Атамбаев эмес, президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаеваларга ачуу чындыкты айтып келген журналистмин. Өлкө башчысы болгон адам, ошондой эле саясаттын туу чокусунда жүргөн белдүү саясатчылар, депутаттар дайыма журналисттердин бутасында тураары белгилүү эмеспи. Менин деле Кыргызстандын катардагы атуулу катары Алмаз Атамбаевге айта турган жаман пикирим, сындай турган сыным, көнүлүмдө кирим деле жок. Жөнөкөй атуул Атамбаевдин жеке турмушун жазгым да, үй-бүлөлүк жашоосуна кийлигишким деле келбейт. Ачыгын айтканда, Атамбаевдин жеке тиричилигине кызыкпайм дагы. Жазган күндө да шопуру Икрамжан Илмияновдой жакшы билбейм. Билбеген нерсени мен эч качан жазбайм. Ал эми саясатчы, президент, коомдук-саясый ишмер Атамбаевге өз пикиримди, ачуу чындыкты айтып келгеним бул чындык. Ага Конституциялык укугум бар. Булжылдар ичинде, Атамбаевдин президент катары өлкөбүздү кандай башкарганы анын ийгилиги, кемчилиги туурасында элибиз деле таразалап, сын-пикирин айта турган учур келди го. Жөндөн-жөн асыла бергеним жок.

Ал эми, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду башкарма кезинен бери жакшы билем. Өлкө башчысы катары коррупция менен катуу күрөшүп жатат, ошон үчүн колдоп жатабыз. Түз бараткан жолунан жаза тайып кетсе замандаш, пикирлеш адам катары өз сынымды Жээнбековго да айтууга кудретим жетет. Сооронбай Шарипович, катуу сын болсо да туура кабыл алганга аракет кылган инсан. Атамбаевдей чычалак эмес…

—Сиз үчүн Алмаз Шаршенович, тарыхта кандай президент катары калды деп ойлойсуз?

—Ачыгын айтайынбы?

—Жашыра турганы да барбы?..

—Алмаз Атамбаев президент катары жанын үрөп, эли үчүн маңдай терин төккөн эл оозуна алынган журт атасы боло албады. Жашырганда эмне, Алмаз Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн көбүн «сеп» этип алып, резиденцияда жатып Кыргызстанды башкарды. Ошон үчүн анын ак үйдөгү иш бөлмөсүнүн жарыгы кээде гана куйчү. Бул деген анын иштебегендигинин белгиси деп түшүнөм. Азыр болсо президенттин иш бөлмөсү саат тогуз, кээде ондорго чейин күйүп турганын көрөсүң. Демек, азыркы ажо иштеп жатат деген сөз. Чындыгында Алмаз Шаршенович, бийликтин баркын кетирди. Көрсө, Атамбаев бийликке башка максат менен келген тура. Ала-Тоо аянтындагы оппозициянын жалындуу сөздөрүнө алданган жаштардын каны менен бийлик башына капысынан келип калган саясатчы деп түшүнсө болот. Ал Кыргызстанды гүлдөтүп, элдин турмушун ондоп жиберейин деп бийлик башына келген жок. Атамбаев өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана ойлоп, чоң саясатка келип акча жасаганды, андан байыганды гана максат кылып «мультимиллионер» болгонду кыялданган саясатчы деп билем. Жаштар жакшы тилек менен өлкөдө өзгөрүү болот деп Ала-Тоо аянтына анын командасын колдоп көчөгө үмүт менен чыгышкан эле. Эки жүздүү ууру саясатчылардын жалган сөздөрүнө, айткан жомокторуна ишенип көкүрөктөрүн окко тосушкан. Жыйынтыгы эмне болду? Ала-Тоо аянтын да окко учуп шейит кеткен балдардын өмүрүн уурдап кетишти. Жүздөгөн гүлгүндөй болгон жаштардын көбү жарым-жан майыптарга айланышты, азыр алардын алган жөлөкпулдары дары-дармегине жетпей отурушат. Ошол өз өмүрүн бутага коюп койгон жаштар Атамбаевге окшогон мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийлик башына келген мафиялык топтун ачык курмандыгы болушту. Ошолордун кыйылган кырчындай өмурү үчүн бирөөсү кечирим сураштыбы? Жок! Эгерде Атамбаев кетирген катасын сезип, Эгемендүулүк күнү Ала-Тоо аянтындагы кылкылдап чогулган элдин алдына тизелеп туруп, «Кагылайын кыргыз элим, силер күткөн гүлдөгөн жашоону алып келе албадым. Элдин канын соргон мите курттай болгон өз командамдагы коррупционерлер И.Илмиянов, О.Артыкбаев, А.Шадиев, А.Ибраимов, К.Кулматов, А.Кашев, С.Исаковжанабашкаушул сыяктуу колу шок балдарды бийликке алып келип, чоң жаңылыштык кылыптырмын. Сиздердин үмүтүңүздөрдү актай алган жокмун. Кандай жазага тартсанар да мен даярмын! Ата-Бейитте берген антыбызды да актай албадык. Бизди кечиргиле!»-деп айтабы деп күттүк эле. Алмаз Шаршенович, ушул күнгө чейин өзүнүн жасаган кыянатчылык иштери үчүн жооп берип, элден кечирим сурай элек. Эң өкүнүчтүүсү, Атамбаев, азыр камалып жаткан коррупционерлерди тили тешилгенче менчик «Апрель» телеканалынан актап, өзү аларга башкы адвокат болуп коргоп жатканы өкүндүрөт. Атамбаев такка отурган күндөн баштап, анын коррупционерлерден куралган командасы өлкөнү алты жыл бою тоноп, жеп келишти. Башканы айтпайлы, айлыктан-айлыкка «шоопурлук» кылып эптеп күн өткөргөн шопуру Илмиянов, кыска убакыттын ичинде Кыргызстандагы эң бай, таасирдүү адамдардын катарына теңелип калды. Ошондой эле 7-каналдын бүгүнкү кожоюну Илмиянов экенинин көпчүлүк биле беришпейт. Атамбаевдин ийгилиги ушу. Атамбаев мөөнөтүм бүтсө бийликтен кетем дегени үчүн элибиз топук кылып, анын мөөнөтү аяктаганча чыдап беришти.

—Атамбаевге кыйын болгон учурда Илмиянов «шефин» саткан эмес дешет го. Балким, ошондон Икрамды жанынан кетирбей алып жүрсө керек.

—Анын төркүнү башкада. Атамбаев уялбастан Икрамжан Илмияновду кыргыз элинин залкар инсаны Султан Ибраимовго теңебедиби. Астапырала, Кудай өзүн сактай көр!»-деп жаканды кармаган күндөр өтүүдө. Элдин айтымына караганда “улуу урматтуу”, атагы таш жарган шопуру, Атамбаев ашыкча «сеп» этип алып кусуп койгондо жийиркенбей эле анын көйнөгүн, кээде шымын «жалаяк» жуугандай эле жууп коюу боюнча атактуу адис экени кеңири айтылып журөт. Көртириликтен башканы ойлобогон, бир фирманын шопурундай болгон адамды Султан Ибраимовго теңеген акмакчылык да. Керек болсо Илмиянов эмес, Султан Ибраимовдун алдында Атамбаевдин өзү ким? Асман менен жердей айырмасы бар. Анан Атамбаев шопурун мактабаганда кимди мактайт эле. Силер да кызык экенсиңер…

—Атамбаев өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап, дурус иштегени үчүн бизде революция, төңкөрүш болгон жок десек болобу?

—-Бул Атамбаевдин эмгеги эмес. Элибиз да митинг, пикеттерден тажап, тынч жашоону эңсеп калган. Бизде төңкөрүш болбой калганынын себеби, чет өлкөлөрдөн элди көчөгө алып чыкканы акча келген жок, ошон үчүн эле. Ал эми Атамбаевдин убагындагы экономикалык, саясый кризис Акаев, Бакиевдин мезгилинен да күч алды. Атамбаевдин командасы күн өткөн сайын байыганы менен элибиз мезгил өткөн сайын жакырлана берди. Аны жашыруунун кереги жок. Чындыгын айтканда Атамбаев экономикалык өсүштү Бакиевдин мезгилине жеткире алган жок. Кыргыз элинин көпчүлүгү Атамбаевдин коммунизмине, ал айткан жомоктору калп экенине эми ынанып отурушат.

—Сиз Атамбаевди мамлекеттик төңкөрүш жолу менен бийликти өзү басып алган деп айттыңыз эле…

—Ооба. Орустардын жардамы менен төңкөрүш жасаганы эл арасында айтылып эле жүрөт. Генерал Өмүрбек Субаналиев төңкөрүш болгон күнү Атамбаевдин үйүнө барганда ФСБнын балдары аны кайтарып жатканын айтып берген. Эртедир-кечтир Конституциялык түзүлүштү, мыйзамдуу бийликти кандуу жол менен басып алганы үчүн Атамбаев мыйзам алдында жооп берет. Мен буга ишенем…

—Талгарбековдор төңкөрүш жасайбыз дешип өз жообун алышты го…

—Талгарбековдор иштей албаган Атамбаевди элди аянтка алып чыгып алардын кысымы менен ээлеген кызматынан кетүүгө мажбур кылабыз деген максаттары болгон. Андай окуя Арменияда болду го. Талгарбеков, Асановдор Атамбаевдей болуп мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган эмес. Мамлекетти төңкөрүш жолу менен басып алабыз деген жалаа менен Б.Талгарбеков, Т.Калматов, Б.Асанов, К.Кадыров, Д.Сарыгулов, Э.Карыбеков ж.б. адамдар түрмөдө камалып жатышат.

Ал эми Конституциялык түзүлүштү бузуп, мамлекеттик бийликти кандуу төңкөрүш менен басып алгандардын «ана башчылары» ушул эле Атамбаев өзү эмес беле. Бекболот Талгарбеков менен Бектур Асановдун ж.б. ордуна абакта отура турган Алмаз Атамбаев экени элибизге маалым. Эки ирет мамлекеттик төнкөрүштү жасаган, ошону уюштурган алам катары Атамбаев өзү мыйзам аллында жоог берет деген ойдомун. Орус президенти Путиндин көзүнчө эки ирет бийликти алмаштырганын Атамбаев мактанып, өз оозунан айтканын жалпы элибиз деле укту го. Алмаз Шаршенович бийлик башына келем деп мынчалык оолук-паганда бизде төңкөрүштөр болбойт эле. Кырчындай жигиттерибиз майып болуп, өлүшпөйт да болчу. Эми ошондой колу кан адамга «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген эң жогорку наамды бербей, Атамбаевди камай турган учур да келди деп ачык айтышы,ыз керек.

—Мурдагы президент Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримов, Владимир Путинди, Түрк президенти Эрдоган жана башка өлкө башчыларына сес көргөзмүш этип айтышып чыкты. Дүйнөлүк аренада кыргыз элинин кадырын түшүрдү. Ушуга кандай карайсыз?

—Коомдук-саясый ишмер Базарбай Мамбетов ал туурасында: «Атамбаев дагы «Эмне силер Кыргызстандын бүтүндөй каржы маселесин көзөмөлдөгүңөр келип жатабы?»-деп биздин гезитке маек берди. Өзү орус бийлигинен жардам сурап барган аламдын акыл-эси соо болсо, мындай кадамга бармак эмес эле. Бир саат танаписке чыккан учурда Миллердин орун басары мага келип: «Бул кишини кайдан таап чыккансыңар?-деп сурап атпайбы. Атамбаевди орустар бийликке алып келип алып, ал президенттиктен кеткенче айлалары кетти. Эл шайлаган президент Бакиевди кетирип анын ордуна орустардын тапканы ушул Алмаз Атамбаев болгонун өздөрүунутуп калган го. Ал тургай орус президенти Путин да Атамбаевдин жинди кыялынан тажап «Президенттикти тапшырып, кетип калууну айткан жери да бекер жеринен болбосо керек!» Базарбай Мамбетов, «Отунбаева президенттик шайлоого Атамбаев чыгып жатканда, анын ички дүйнөсүн билгенден кийин элге кайрылып, «Туугандар Атамбаев президенттикке жарабайт» – деп айтышы керек болчу деп айтты.

Мамбетов айткандай, Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаевдин алдында ачуу чындыкты айтууга жарабады. Мен ушул жерден Базарбай Мамбетовго кошулуп кетем. Отунбаева деле Атамбаевдин ким экенин анын ден соолугунда «мандем» бар экенин жакшы билчү. Роза Отунбаева чечкинсиздик кылып, кыргыз элине Атамбаевдин оорукчан экенин, шектүү «ден соолугу» менен мамлекетти башкарууга жарабай турганын ачык айтып чыга албады. Роза Отунбаева чечкинсиз анан коркоктук кылды. Отунбаева ошол кезле элди ойлобой, Атамбаев менен жеке мамилеси бузгусу келген эмес. Мындан кийинки президенттик шайлоо болор алдында президенттикке койгон ар бир талапкердин ден соолугун тыкыр карап чыгыш керек. Анткени Атамбаевден көрдүк го. Кыргыз эли дагы бир Атамбаевге окшогон адамдын бийликке келип калышына чыдабайт. Атамбаевдин өзүн кармай албай, оозуна эмне келсе балп эттирип салмай адаты бар эмеспи. Мисалы, “Нарындыктар, малсыңар”, “Ташиев менен Мадумаров, түштүктү бөлүп алып, бирөөң президент, экинчиң премьер-министр болуп алгыла , «Таластын элин Казакстанга өткөрүп салыш керек!»-деп айткандары эл аралап жүрөт. Ушул да соо адамдын, президенттин айтар сөзүбү? Атамбаевдин ден соолугунда бир «мандем» бар адам деп эл арасында ачык эле айтып жүрүшөт.  «Оорукчан президент» өзүнүн ким экенин, 2016-жылы 31-августа Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө Атамбаев жинди кыялын бир көрсөтүп, «Отунбаева – өзүн-өзү шайлап алган президент!»-деп балп этти. Анда Отунбаеванын колунан бийликти өткөрүп алган Атамбаевдин президенттиги да мыйзамсыз боло калабы? Аны да ачык тактап койбойбу! Ала-Тоо аянтында ар кандай мамлекеттердин биздин республикабыздагы толук ыйгарымдуу элчилери, чакырылган коноктор отурган эле. Жалгыз эле Атамбаев өзү гана эмес,-бүт дүйнө жүзүнө кыргыз элин жер каратты. Журт атасы болгон адамдын оозунан чыга турган сөз беле. Алмаз Атамбаев прези дент эмес эле, көчөдөгү бир «шпананын« деңгээлине түшүп кетип шерменде болдук го. Бекболот Талгарбеков, «Атамбаев миң жылда бир жаралчу, кыргыз элинин трагедиясына жаралган инсан!»- деп абдан туура айткан. Кээде, ачыткы жыттанган, ойлору чалакайым, ойду тоону сүйлөп, элди бөлүп жарган Атамбаевди президент кылып шайлаганына кыргыз элине деле өкүнүп, силерге чала болот деп кетесиң. Анткени, элиңе жараша президент болот да. Ошон үчүн шордуу элбиз десем жаңылышпайм.

Жакында баш калаабыздагы Алыкул Осмонов атындагы китепканада академик Абдыганы Эркебаевдин 65 жылдыгына карата конференция болуп өттү. Мен да ошол конференцияга катышып отурдум. Жыйындын башталышында Абдыганы Эркебаев сөз алып, сүйлөдү. Академик агайыбыздын сүйлөгөн сөзүнөн, бир узүндү айта кетуүнү туура көрдүм. Абдыганы Эркебаев өз сөзүндө, «…дүйнөдөгү эң жарды, эң жакыр мамлекет катары Кыргызстан эсептелери белгилүү. Ал тургай КМШ мамлекеттеринин арасында да артта турабыз. Адамдардын, балдардын өлумү боюнча алдыда турабыз. Ушунча жылдар ичинде мен да ар кандай жогорку кызматтарда иштедим эле, мамлекетти башкарууда жетекчи болдум эле деп кээде өкүнөм. Мамлекетти эмне үчүн ушундай абалга жеткирдик деп ойлоном, көп учурда кейип да кетем. Ушулар туурасында көп ойлоп, көп толгоном… Озүмдү даайыптуу сезип кетем. Жыйырма жети жылдан бери, Кудай Талаа биздин кыргыз элибизге, акылман, даанышман, жакшы падышаны буйрубаптыр,»- деп айтканына баарысы ыраазы болушту. Чыныгы даанышман, элинин эртеңки күнүн ойлогон, Эркебаевдей табиятынан таза инсан гана мындай сөздү айта алат. Ушул кезге чейин, кайсыл саясатчы кетирген кемчилигин мойнуна алып, өз элинен кечирим сурады эле? Эч кимиси. Атамбаев табиятынан талкалоочу адам экенин элибиз деле өз көздөру менен көрүштү го. Алмаз Шаршенович, бийлик башында турган кыска убакыттын ичинде Кытайдан алган акчага, кыргыз элинин белчесинен карызга батырып коюп, «экс-президент» болуп кызматтан кетти.

(Уландысы кийинки санда)

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: