Сооронбай Жээнбековдун президент болушу менен эми бир туугандары кандай кызматты аркалайт деген суроолор байма-бай талкууланууда. Жээнбеков президентик кызматка расмий киришүү салтанатында ант берген учурда «туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок» деп айтты эми ошол антына, убадасына турса болгону дешүүдө.
Дегенибиз, коомчулукта Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Асилбек Жээнбеков эми бүтүндөй кадр маселесин чечет, көшөгө артындагы «серый кардинал» болот деген кептер айтыла баштады. Буга байланыштуу, эл арасында Жээнбеков бир туугандарына Курманбек Бакиевдей болуп бийликтин эки тизгин, бир чылбырын карматса эмне болот деген санаркоо күч. Ал ортодо Асилбек Жээнбековдун кабинетинде эмитеден эле кезек күткөндөр көп экени сөз болуп жатат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ