Menu

Видео – Орозбек Опумбаев, УКМКнын төрагасы: “Атамбаев куралдуу каршылык көрсөтөт деп күткөн эмеспиз, үйүн чепке, бункерге айлантып алыптыр”

Бөлүшүү:

“Алмаз Атамбаев кечээ укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, үйүнө качып кирип, жашынып алды”, – деп билдирди бүгүн, 8-августта КР УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында.

“Атамбаевдин тарапкерлери да куралдуу каршылык көрсөтүштү, биздин атайын даярдыктагы жоокерлер мындайды күтүшкөн эмес. Атамбаевдин үйү үй эмес эле, өзүнчө эле чеп, бункер экен. Тилекке каршы ушундай болуп чыкты. Менде сүрөттөрү бар, эгер керек болсо мен интернетке да жарыялайм. Атамбаевдин тарапкерлери ок атуучу куралдар, таш, таяк жана арматуралар менен каршылык көрсөтүштү. Биздин жоокерлер атайын операция эмес, тергөөчүнүн токтому боюнча күбө Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү үчүн гана ок атуучу куралсыз барышкан. Ошондуктан биздин жоокерлер желим ок атуучу помповый курал менен чыгышкан. Биз ал жердеги элден, айрыкча Атамбаевден мындай каршылык көрсөтүнү күткөн эмеспиз”, – деди Орозбек Опумбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: