Menu

Жергиликтүү башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин маянасы 15-50% чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошону менен катар “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы чогуу каралып жатат.

2-окуудагы өлкө бюджети тууралуу мыйзам долбоорлору боюнча Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев баяндама жасады.

Суроо-жооп маалында депутат Аида Касымалиева жергиликтүү башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерге жалпысы 14 млн. 600 миң сом каралгандыгын, жөнөкөй адистердин айлыгы 15%дан 50%га чейин көтөрүлө тургандыгын тактады.

Депутат Жыргалбек Турускуловдун суроосуна Транспорт министри Жамшитбек Калилов жооп берип, “Түндүк-түштүк” авто жолу белгиленген мөөнөттөргө жараша курулуп жаткандыгын, анын I-фазасы 2019-жылы, II фазасы 2021-жылы аяктарын, бул жылы жол ачыла тургандыгын, калган жумуштар параллелдүү түрдө жасаларын тизмектеди. КР Өкмөт башчысы Сапар Исаков “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы тарабынан аймактарда курулуп жаткан спорт комплекси Нарын шаарына дагы курулуп, 2018-жылы бүтө тургандыгын маалымдады.

Депутат Чыныбай Турсунбеков спикер маалында Пакистан өлкөсүнө барганда Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга пакистандык ишкерлер кызыгуусун билдиргенин, аларды өкмөткө сунуштаганын айтып, учурда бул маселе кандай деңгээлде турганын сурады. КР Өкмөт башчысы Сапар Исаков Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга дагы эки компания кызыкдар болуп жатканын, ошону менен катар пакистандык ишкерлерди дагы тыкыр карап чыгууга убада кылды.

Депутат Аалы Карашев жакында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун түзүлгөнүнө 3 жылдын жүзү болоорун айтып, фонд тарабынан эмне иштер жасалып жатканы боюнча элде кеңири маалымат жоктугун белгиледи. Аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев фонд тарабынан жалпысы 780 долбоорго 254 миллион сом бөлүнгөндүгүн маалымдады. Жалпы натыйжа катары алардын ирилери – Токмок шаарындагы текстиль фабрикасы, Кошой кант кызылчасын иштетүүчү завод, бир нече логистикалык борборлор курулгандыгы айтылды. “Ошентип жалпысы 64 миң жумушчу орун түзүлдү. Ал эми өлкө бюджетине аталган ишканалардан түшүүчү салык жыл жыйынтыгы менен такталып чыгарылат”,- дейт Э.Асрандиев.

Депутат Зарылбек Рысалиев күн сайын токтобогон жол кырсыктарын азайтуу үчүн жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн автоунааларды кыш мезгилинде жүрүүгө тыюу салууну кечиктирилгис чара катары көрүүнү сунуш кылды.

Суроо-жооп уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: