Menu

Казакстан миграция саясатын өзгөртүүгө ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Казакстан бийлиги ички миграция өсүп, чет өлкөлүк жарандар көбөйүп жаткан маалда башка өлкө жарандарынын ишке орношуусуна уруксат берүү шарттарын өзгөртүүгө ниеттенүүдө.

Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дуйсенова 2017-2021-жылдардын миграциялык саясатынын концепциясын тааныштырды. Ага ылайык, чет өлкөлүк адистердин квалификациясына жараша уруксат берүү мөөнөтү аныкталат.

Төмөнкү квалификациядагы жумушчулардын иштөөсү үчүн бир жыл, кесипкөй кызматкерлер үчүн үч жана андан көп жыл уруксат берүү сунушталууда

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы беш жылда өлкөгө 300 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: