Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул туурасында президенттин расмий сайты маалымдады.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:
«Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Сизди туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктайм.
Мамлекет башчысы катары Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана анын эл аралык позициясын бекемдөөнүн актуалдуу милдеттерин чечүүгө багытталган Сиздин ишмердигиңиз мекендештериңиздин урматтоосуна татып, чет өлкөлөрдө кадыр-баркыңызды бийик көтөрдү.
Россияда өлкөлөрүбүздүн ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого, ЕАЭБ, ЖККУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкактарында конструктивдүү өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон Сиздин жеке салымыңызды жогору баалашат.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чың дилимден чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм.
Урматтоо менен, В.Путин»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ