Жогорку Кеңештин депутаттары 2020-жылдын 8-январынан 10-январына чейин аймактардагы шайлоочулар менен жеринде жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрь күнү Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамына ылайык, парламенттин депуттатары жаңырган жылдын 8-январынан 10-январга чейин аймактардагы шайлоочулар менен иш алып барат” – деп айтылат билдирүүдө.
Тиешелүү чечим, бүгүн, 26-декабрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ