“Азыр орун алмашылды, Өмүке олтурган камерада ким олтурат? АША олтурат. Ойлоду беле олтурам деп? Жок. Эми олтурат. Түрмөгө олтурбагыдай болуп, элди башкаруунун жолу бар беле? Бар эле. Ал айтып жатпайбы, кээ бирлерди “саткын!” деп. Биринчи саткындарды эстеп көрөлүчү, өзүңдүн жолдошторуңду, өзүңдүн соратниктериңди ким сатты эле?”- деп суроо салды бүгүн, 2-сентябрда атамекенчи Болот Шер Базар-Коргон районунун Акман айылында Өмүрбек Текебаевдин жердештери менен жолугушуусу учурунда.
“Өзүңдү бийликке алып келген адамдарды ким түрмөгө олтургузду эле? Аны унутуп калат бекенбиз? Эгер өзүң жолдошторуңду, соратниктериңди сатпаганда бүгүн түрмөдө олтурат белең? Жок. Бүгүн биздин арабызда болот болчу… Биз атамекенчилер 2 жыл 7 ай бою кара кийген келиндей болуп той-ашка бара албай жүрдүк. Бирибиз түрмөдө, бирибиз качып жүрдүк,” – деди Болот Шер.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ