Бишкекте алдамчылыкка шектелген 24 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-июнда борбор калаанын бир тургуну бул шектүү кызга карата чара көрүүнү милициядан суранып, арыз жазган. 24 жаштагы кыз 2019-жылдын 9-ноябрында АКШга виза алууга жардам берүүгө убада берип, 11 миң 200 доллар алып, дайынсыз жоголгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204 “алдамчылык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Млиция тарабынан 24 жаштагы шектүү кыз кармалып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ