Бул тууралуу Б.Норгозуев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты:
“Алыскы сапарга баратып, арада журналист Адилет Айтикеев АКШдан Түркияга келгенин угуп, учурашып кетели деп бир күнгө Стамбулга токтоп калдык. Адилет Алмаз Атамбаевдин зөөкүр заманында куугунтук жеп, Америкадан башпаанек сурап кайрылган. Азыр башпаанек алып, “Грин кардга” ээ болуп, укуктары кеңейиптир. Адилет Айтикеев азыркы дымагы чоң, бирок көөдөнү көңдөй, трайбалисттик өксүк комплекси бар көп жаштардан айрымаланып, аймактык деңгээлден улуттук кызыкчылыктардын деңгээлине чейин көтөрүлө алган жаштардын бири. Анын үстүнө Адилет АКШга барып калсаң Американын бир түпкүрүнөн болсо да издеп, таап келип, сыйын көрсөткөн меймандос жигит. Ошондуктан аны кыя өтө албай, токтоп колун кармап, учурашып өттүк. Адилет сага ийгилик! 10.11.2019-жыл”.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ