Menu

Бишкектин жашоочусунан 380 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

КРнын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отряды жана УКМК менен биргеликте кыргызстандыктан ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын декабрь айында азият жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам «БМВ-535» үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга келишкен. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган. Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, физикалык күч колдонуп коркутуп, 380 000 сом акча каражатып талап кылган.

Ал К.В. аттуу жаранга шилтеме берген. Анткени бир аз убакыт мурда С.А. андан акча каражатын карызга алгандыгы белгилүү болгон. Андан соң, кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу физикалык күч колдонобуз деген коркутууларды уланткан.

Аталган факты КРнын УКМКсына КРнын 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдар тобу тарабынан жасалган опузалап талап кылуу) менен катталган.

Ыкчам алдын алуу иш-чаралары КРнын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отряды жана УКМК менен биргеликте 100 000 миң өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда кылмыштуу топ кармалган.

Шектүүлөр Түп районунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу тургуну, Казакстан Республикасынын 1991-жылы туурган Ц.Р. аттуу тургуну болушат.

Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

Бул кылмыш ишинин бардык жагдайын тактоо үчүн мындан аркы териштирүүлөр жүрүп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: